Бишкекте маршруттук такси оодарылып кетип, бир аял жана 1-класстын окуучусу жабыркады. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 17-декабрда Таштөбө жана Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде 14:00 чамасында катталган. Мазда 6 үлгүсүндөгү автоунаа 166-каттамдагы маршруттук таксини сүзүп, анын кесепетинен микроавтобус оодарылып кеткен.
Кырсыктан бир аял жана 1-класста окуган кыз жабыркап, аларды "Тез жардам" кызматы алып кеткен.
"Жол кырсыгына ким күнөөлүү экендиги иликтөө иштеринин жыйынтыгында белгилүү болот. Азыркы учурда эки унаа тең айып аянтчасына токтотулду", - деди басма сөз катчы.