Депутат Турусбеков энергетика тармагындагы кызматтардын жетекчилери комитет жыйынына келбегенине нааразы болду

Депутат Бактыбек Турусбеков энергетика тармагындагы кызматтардын жетекчилери комитет жыйынына келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Комитет жыйынында "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

"Башка маселе болсо энергетика тармагындагы кызматтардын жетекчилери башка комитеттин жыйынына барсын деп эки колумду көтөрүп колдойт элем. Энергетика боюнча маселе каралып жатканда жетекчилердин жыйынга келбегени сыйлабастык. Бардыгы орун басарларын жөнөтүп коюшуптур", - дейт Турусбеков.

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчисинин орун басары Бакыт Эсенбаева: "Биздин компаниянын жетекчиси өкмөттүн делегациясы менен Ош шаарында жүрөт", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан