"Мен мындан ары ыйлабайм, кайрадан турмушка чыгууну каалабайм. Келечекте милиция кызматкери болуп, башка аялдарга жардам бергим келет", - деген ал.
"Дүйшөмбү шаарында жашаган 21 жаштагы Мастона жалган жалаа жаап, ур-токмокко алган күйөөсүн жоопкерчиликке тарттырууну көздөп жатат. Анын атасы Асомиддин Жалолов бир жыл ичинде 16 мамлекеттик мекемеге, анын ичинде милицияга, прокуратурага, аялдар иштери боюнча комитетке жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылган. Бирок алар бул ишке көңүл бурушкан эмес.
Күйөөсү үйдөн кууп чыккан күнү үй-бүлөсү Мастонаны Дүйшөмбү шаарындагы Соттук-медициналык борборго жеткиришкен. Анда дарыгерлер анын үйлөнүү тойго чейин кыздык белгиси болгонун ырасташкан", - деп жазылат маалыматта.
Тажикстанда алгачкы жолу турмуш куруп жаткан кыздарга "Кыздык белгисин текшерүү тести" милдеттүү эмес, бирок кыздардын көбү болочок күйөөсүнүн талабы боюнча ал тесттен өтүшөт.