Депутат Умбеталы Кыдыралиев: "Абылгазиев коркконсуп иштеп жатат"

Быйыл 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиевкомандасы менен өкмөткө келген. Андан бери 8 ай өттү, бул убакыттын ичинде 5 министр кызматтан кетти. SUPER.KGпорталынын "Абылгазиевдин өкмөтү жүктөлгөн милдетти аркалай алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев жооп берди.

Ал парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бир эскертүүсү бар экенин айтты.

"Абылгазиев дагы иштеши керек, ага убакыт бериш керек. 27 жыл ичинде өлкөдө 30дай өкмөт башчы иштеди. Ар биринин орто иштеген мөөнөтү бир жылдан ашкан жок. Натыйжада эч кимиси эч кандай жакшы көрсөткүч алып келе алган жок.

Абылгазиев иштесин, убакыт беребиз. Ал жаңы өкмөттү алып келип жатканда "өз милдетин алып бара албаган министрлерди кетирем" деп айткан. Учурда бул процесс жүрүүдө. Абылгазиев системдүү иштеп жатат, иши канааттандырарлык. Парламенттин бир эскертүүсү бар, Абылгазиев чечкиндүү иштеши керек, анткени ал коркконсуп иштөөдө", - деди Кыдыралиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Аалы Карашев, Рыскелди Момбеков, Кожобек Рыспаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан