Нарын районунда жүк ташуучу унаасы тайгаланып жолдон чыгып кулап калды. Унаанын айдоочусуна куткаруучулар келип жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 18-декабрга караган түнү саат 00:58 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 240-чакырымында орун алган. Анда MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тайгаланып кетип, жолдон чыгып кулап калган. Аталган аймакка ӨКМнын №16-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барып, жардам көрсөтүшкөн.