SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна эстрада ырчысы Анжеликанын "Назданып" клиби кошулду.
12-ДЕКАБРДАН 19-ДЕКАБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Гүлзат Мамытбектин аткаруусундагы "Кыргызым менин" аталышындагы чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - 60`K тобунун "Мерез жүрөк" клиби камсыздаган.
8-орун - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасына буюрган.
7-орунду - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" чыгармасы 3 баскычка төмөндөгөн.
6-орунду - Мажиттин аткаруусундагы "Адашпа" видеокомпозициясы ээлеген.
5-орунда - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" клиби жайгашкан.
4-орунду - "Добулбас" тобунун "Ак кеме" видеокомпозициясы камсыздаган.
3-орун - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орунда - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" видеокомпозициясына буюрган.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айчүрөк Иманалиеванын "Кыргызча" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү видоеклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.