Жээнбеков "кудалар менен жолугуп калганда мамлекеттик иштер боюнча сөз болбойт" дейт

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи ирет журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Анда үй-бүлөлүк-кландык башкаруу тууралуу суроо берилди. "Үй-бүлөлүк клан боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Бул маселени эл менен жолукканда да айтып түшүндүрүп жатам. Мен "кыргыздын тарыхын жакшы билген кишимин" деп айтпадымбы. Жогорку Кеңешке 3 жолу депутат болуп келдим. Болгон окуяларды көрүп туруп кантип ушул жолго барайын?! Мен ага жол бербейм. Бир туугандарымды тааныштырып коёюн. Менин оппоненттерим ошону пайдаланып жатышат. Тааныштырбасам 5 жыл көтөрүлө берет окшойт. 11 бир тууганбыз. Ата-энем баарыбызга билим берген. Кантөрө Шарипович илимдер доктору, Жалал-Абадда окуу жай ачкан, 2 жыл мурун каза болду. Эжем физик-математик - азыр пенсияда. Андан кийинки эжем медицина кызматкери, Бишкекте окууну бүткөндөн бери үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштейт. Андан кийинки агам Жусупбек Шарипович 2007-жылдан бери элчи болуп иштеп жүрөт. Мен президент болгондон бери ал келгенден коркуп калды. Андан кийинки агам прокурор болчу, 35 жашында каза болуп калган. Карындашым дипломаттын келинчеги. Андан кийин Асылбек Шарипович Жогорку Кеңештин төрагасы болчу, мен президент болгондон кийин депутат болуп иштеп жүрөт. Андан кийинки карындашым үйдө жеке иши менен алек. Андан кийин иним атамдан калган чарбаны карап айылда бала-чакасы менен жашайт. Кудам бар. Кудалар менен жолугуп калганда мамлекеттик иштер боюнча сөз болбойт. Бир жылда баарын тең көтөрүштү. Менин ишиме абдан чоң жардам берип жатат. Кудамдын жакын туугандарынын бири "Мегакомго" бөлүм башчылыгына коюлганын билбептирмин. Мен окуганга чейин ал "уят кылбай жөн отурайын" деп кызматтан кетиптир. Мен турганда үй-бүлөлүк башкаруу болбойт", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан