"Жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулардын телефонуна дароо СМС билдирүү келип турушу керек". Мындай сунушту депутат Кожобек Рыспаев парламентте "Коопсуз шаар" талкууланып жатканда айтты.
Эл өкүлү жол эрежесин бузган айдоочу айып пул тууралуу маалыматы жок калбашы керектигин билдирди.
"Биздин айдоочулар жаңы кирип жаткан системге көнгүчө көп ызы-чуулар болот. Алар өздөрү барып эле айып пулду төлөй калбайт. Жол эрежесин бузганын билбей жүрө берген айдоочулар айып пул төлөй келгенде шымы жок калбасын. Ошондуктан кечиктирилбестен телефонуна СМС жиберүү керек. Мындай кадамды азыртадан баштап, ишке ашыруу зарыл", - деди Рыспаев.