Ташкентте кызганычтан улам жалгыз бой эненин чачын кырып сабаган аялдар жазасыз калды

Эки баланын энеси, ташкенттик Шахзода Хусанова сотсуз жазаланганын, аялдар тарабынан сабалганын, учурда да коркутуулар болуп жатканын жеркиликтүү маалымат булактары жазган.

Маалыматта жазылгандай, Хусанова 4-октябрда үч аял үйүнө кирип келип, сабап жана чачын устара менен кырып кеткенин айтып берген. Окуя кичинекей балдарынын көзүнчө болгон, бул алардын психикасына терс таасирин тийгизген.

"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Хусанова жеңил жаракат алганы аныкталган. Документте аялдын чачы кырылганы, чыканак, ийин, билегинде шишик, тырык жана тиштин издери болгону көрсөтүлгөн.

Юнусабад райондук ички иштер бөлүмү Хусанованын арызы каттоодон өткөнүн, бирок иш козголбогонун билдирген. Ташкенттик адвокат Умид Давлетов кылмыш ишин козгоодон баш тартууга негиз жок болчу деп эсептейт", - деп жазылат маалыматта.

28 жаштагы жалгыз бой эне Шахзода Хусанованын айтымында, ал интернет аркылуу бир эркек менен таанышкан. Анын аялы күйөөсүнүн каттарын окуп, эки аял менен Хусанованын үйүнө барган. Үч аял Хусанованы сабап, устара менен чачын кырып, үйүндөгү алтын зер буюмдарын алып кетишкен.

Адвокат Умид Давлетовдун айтымында, өзбек мыйзамдары “сотсуз жазалоону” атайын кылмыш катары карабайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2018-12-21 11:49:43
Прическа укмуш го.
-1
Batma08
2018-12-21 12:20:14
Жакшы болуптур. Биронун эри менен суйлошкон аяларга сабак. Аялдардын колунан баары келет
+21
Janna07
2018-12-21 13:58:48
Batma08,туура айтасын
+6
Aikaaaa
2018-12-21 18:14:29
Кирпик кантет, шыпыргы го
0
Asyl10
2018-12-21 18:31:14
Чала болот, Интернеттен суйлошкону учун эле эмес жолгушуп да жургон да,суйлошкон учун чачы кырылбайт болчу. Бул биринчи эскертуу болуптур, эми дагы суйлошчу болсо башы кесилет.
Бироонун уй-булолуу экенин билип туруп жалжактап жолугушуп жургон бардык шу****га эскертуу болсун.Эркек деген ит жандуу болот, ким козун кысса кете берет артынан, козун кыспай башка жакты кысып журуу керек.Бир пайдаланып алайын деп тийишкен ата соройлорду местатсына коюп койбой,куйруктарын шыйпандатып жоношот.Чала
+1
Asyl10
2018-12-21 18:35:27
Кашын кырып, кирпиктерин жулуп,бетин тилип салбаптыр биротоло, жон жерден андайга барышкан эместир алар,демек ошого жеткирген. Балдарын ойлоп кысчу жерин кысып журбосо мындан да жаман болот. Ойлонгула копчулук женатиктерди жакшы коргон айымчалар, силерди да мындай нерсе кутуп турат. Дагы Кудай сактап бетин соо калтырышыптыр, чачы гоо осот.өзбек мыйзамдары “сотсуз жазалоону” атайын кылмыш катары карабаганы жакшы экен.
+3
Megapoliz
2018-12-21 20:42:49
Ай ай акырындан кыздар может чынында ошол эркек аялым жок деп таанышкандыр булго суйлошуптур биздин кыздар россияда тажиктер менен болорунча болушуп атат ...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан