Чүйдө аялдамага ташталган наристенин апасы баланы өзү бага турганын билдирген. Бул тууралуу 21-декабрда SUPER.KG порталына Чүй облусунун райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Эльза Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 21-декабрда наристенин апасынын жашоо-шарты кызматкерлер тарабынан текшерилет.
"Наристенин апасы бала ооруканага алып келинген күнү эле келген. Болгону ал ошол убакта тийиштүү документтерди көргөзө албагандыгынан улам акыркы 10 күн текшерүү болду. Баланын апасы кайненеси наристени аялдамага таштап салат деп ойлобогонун айтууда. Учурда баланын төрөлгөнү тууралуу документтер такталып жатат. Ал эми наристе Токмоктогу балдар үйүндө багылууда. Бүгүн биздин кызматкерлер баланын апасынын жашоо-шарты менен таанышып келишет. Бизге ал келин өзүнүн апасы жана бул наристесинен башка дагы 2 баласы менен жашай турганын айтты. Баланы апасына кайтарып берүү иши кылдаттык менен каралып, анан бир чечим чыгат. Бирок баланын апасы күндө наристесине келип, андан баш тартпай турганын, өзү гана бага турганын айтып жатат", - деди Исмаилова.
Буга чейин Чүй облусунун Бурана айылында бир жарым жаштагы наристени кийимдери менен аялдамага таштап кеткени маалымдалган. Наристени 10 күндөн бери эч ким издеп келген эмес. Кийинчерээк наристени аялдамага анын чоң энеси таштап салганы аныкталган.