super.kg logo
  Саясат  

Бир жыл мурун: Өмүрбек Бабанов 1 жыл бою сөзүндө турду

 

Президенттик шайлоодо 600 миң добуш алган Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголуп, учурда ал өлкөдөн сыртта жүрөт. Бир жыл мурун, тагыраагы, 30-декабрда Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган.

Бабановду бурчка такаган бийлик

Президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековдун жеңишин таанып, саясат айдыңынан алыстаган. Бирок көп өтпөй Бабановго "улуттар аралык кастыкты козутуу", "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Орусияда дарыланууда жүргөн Бабанов акыркы окуялар боюнча билдирүү таратып, бул кылмыш ишин "ойдон чыгарылган" деп атаган. 13-ноябрда болсо "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен кетип, ордуна жакын адамдарынын бири болгон Руслан Казакбаев шайланган. Бабановдун башына келген "кара булут" бул менен таркап кеткен жок. 19-декабрда Өмүрбек Бабановдуку делген НТС телеканалынын мүлктөрү камакка алынып, кырдаал андан бетер күчөгөн.

Өмүрбек Бабанов: "Мен саясаттан биротоло кетем"

Козголгон кылмыш иши жана НТСке болгон кысымдан кийин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 30-декабрында саясаттан биротоло кете тургандыгын жарыялаган. Ал партиялык ишмердүүлүгүн токтотуп, депутаттык мандатын да тапшырарын билдирген.

"Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен биротоло кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан жалгыз туура чечим болду деп эсептейм. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат.

Өзгөчө ыраазычылыгымды ооматта да, оор учурда да, мага ишеним көрсөткөн, мени колдогон командама, партиялаштарыма жана тарапташтарыма билдирем. Бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырам, себеби биздин жалгыз гана мекенибиз бар, ал эми ар бирибиздин тилегибиз - өлкөбүздүн бакубаттуулугу. Менин командам менен колдоочуларымды саясий куугунтуктун куралы катары колдонулбашын суранам. Эгер мен тараптан кандайдыр бир саясий ката кетсе, ал үчүн жеке мен жооптуумун”, - деген Бабанов.

Ошондой эле президенттик шайлоо демократиянын жана атаандаштыктын негизинде өткөнүн жарыялап, мында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң болгонун белгилеген.

Фракциялаштары Бабанов мындан ары бизнеске көңүл буруп, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасай турганын айтышкан. Өмүрбек Бабанов билдирүүсүнөн 20 күн өткөндөн кийин гана депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. Арызынын негизинде мандатынан ажыратылып, тизмеде кезекте турган Абдыбек Дүйшалиев анын ордуна депутат болгон.

Бабановго козголгон экинчи кылмыш иши

Өмүрбек Бабановго 2018-жылдын 28-мартында "бийликти басып алууга даярдык көрүү" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренелери боюнча дагы бир кылмыш иши ачылган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, бул иш Канат Исаевдин кылмыш ишине байланыштуу. "Президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов жана Канат Исаев менен кармалган үч адам бийликти күч менен басып алууга даярданышкан. Азыр Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп козголду", - деген УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов. Бабанов бул окуяга байланыштуу билдирүү таратып, "бул ойдон чыгарылган иштер, бийликти басып алуу такыр маанисиз" деген.

Фракция лидерлигинен "кулатылган" Бабановдун кадры

"Республика-Ата Журт" фракциясынын башына келген Руслан Казакбаев 5 айга жетпей, тагыраагы, 3-апрелде лидерликтен түшүрүлүп, ордуна Жыргалбек Турускулов келген. Фракция кокустан эле кезексиз жыйынга чогулуп, Бабановдун ишенген кадрларынын бирин лидерликтен кулатышкан. Казакбаев лидерди алмаштыруу боюнча фракция жыйынына чакырылган эмес. Бул окуядан кийин Сапар Исаков баш болгон өкмөткө ишеним көрсөтпөө жараяны тездеп, саясий толкун министрлер кабинетинин отставкасы менен аяктаган.

Бабанов маселесин козгогон "Республикачылар"

"Республика-Ата Журт" фракциясы жыл ичи Бабановго козголгон кылмыш ишин токтотуу, өлкөгө кайтуусуна шарт түзүү боюнча маселени биргеликте дээрлик көтөргөн жок. Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев, Кенжебек Бокоев, Максат Сабиров сыяктуу "республикачы" депутаттар гана парламент жыйынында, журналисттерге айткан пикирлеринде "Бабановго саясий куугунтук болбошу керек, өлкөгө кайтса жакшы болот эле" деп келишти. Бабановдун маселеси боюнча парламент трибунасынан президентке бир нече жолу кайрылуу жасашты.

Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "улуттар аралык кастыкты козутуу", "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренеси боюнча козголгош иш токтоп турганын билдирген. Бул иш Бабановдун шайлоо учурунда Оштун Он-Адырында сүйлөгөн сөзү үчүн ачылган эле.

Алмазбек Атамбаев: "Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев декабрдын башында берген маегинде Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керектигин айтты. "Бабановдун эки элди кайраштырып, Кыргыз мамлекетиндеги ынтымакка доо кетирүү максаты болсо шайлоодон кийин тополоңду баштаса болмок да. Ал кыргыздын ынтымагы өзү үчүн ыйык экенин иш жүзүндө көрсөттү. Керек болсо "ынтымак үчүн саясаттан да кетем" деп, депутаттык мандатын да өткөрүп берди.

Анан ага дагы бир иш козголгон. Канат Исаев боюнча акча алган, акча тараткан, тополоң уюштурабыз деген аракети болгон деп иш козголуп, ал жерде Бабановдун да изи бар дегендей сөздөр айтылган. Бирок Канат Исаевдин ишинде Бабановдун эч кандай изи чыккан жок. Мүмкүн Канат Исаев өзү ээнбаштык кылгандыр, азыр ал парламентте жүрөт. Азыркы бийликтин учурда ага дооматы деле жок окшойт.

Бабановдун иштери жабылышы зарыл. Чынында ага рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуу үчүн бир аракет кылдыбы? Ачыгын айтканда, менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам", - дейт Атамбаев.

Вице-спикерди ээрден түшүргөн Бабанов маселеси

12-декабрда Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Максат Сабиров Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштаган. Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку маеги себеп болгон. Ошол күнү сунушту вице-спикер Асел Кодуранова добушка коюп, демилге колдоо таап, бирок маселени кароого убакыт жеткен эмес. Эртеси күнү төрага Дастанбек Жумабеков сунуш кайрадан добушка коюлушу керектигин айтты. Натыйжада каттоодон өткөн 96 депутаттын 26сы гана добуш берип, сунуш колдоо таппай калды. Көп өтпөй Бабанов маселесин күн тартибине киргизүү боюнча сунушту добушка койгон Кодуранова вице-спикерликтен кол жууду. Анын ордун болсо депутат Аида Касымалиева ээледи.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: