"Кызым менен майып неберемди багуу үчүн карылыгыма карабай 3 жерде иштейм" дейт көзүнө жаш алган кайырчы апа

Кыштын ызгаар суугунда жер алдындагы өтмөктө кичинекей төшөккө бутун ороп алып элди ойлуу тиктеген апа көзгө дароо илинди. Ал бул жерге акыркы 1 айдан бери күн сайын эртең мененки саат 08:00дөр чамасында келет. Бул маалда көбү шашылып окууга, жумушка кетип жаткан болот.

Жашы 60ка чамалап калган бул апа кээде таң эрте ыйлап отурат. Өз жумуштары менен шашып өткөндөр майда-чүйдө акча таштап койсо сүйүнүп, жүзүндө жылмаюу пайда болуп калат. Жанында кичинекей куту, колунда кагаз, анда "Оорулуу балага жардам" деген жазуу бар. Анын жанына барып, таанышып, кепке тарттым. Гүлнара апа жашоонун оордугун айтып, тагдырына бирде таарынып көзүнөн жашы акса, бирде "Кудайга шүгүр, анчалык деле баары жаман эмес" деп жашын сүртүп жатты.

"Менин ордумда эркек болсо ичип кетмек..."

Жолдошум каза болгонуна быйыл 13 жылдын жүзү болду. Балдарым бар, бирок ар кимиси өз арабасын сүйрөп, эптештирип араң жашап жүрөт. Азыр 16 жаштагы кызымдын ден соолугу начар, анын башынын сол жагында суусу бар. Дарылануусуна дайыма акча керек. Анын үстүнө ал студент, анын окуусунун акысын төлөшүм керек. Дагы бир кызымдын баласы майып, эки буту жок төрөлгөн. Неберем төрөлгөндөн кийин күйөө балам кызымды баласы менен таштап кеткен. Анын батиринин ижара акысын төлөгөнгө жардам берем, кызымдын дары-дармегин алганга дайыма каражат керектелет. Өзүбүздүн жашоо-турмушубузга акча табышым керек. Бул жерде ары-бери өткөндөрдөн жардам сурап, саат 12ге чейин эле отурам. Түштө көп кабаттуу үйлөрдүн бирине барып жууп-тазалайм, кечинде "Кудайберген" базарында кароолчу болуп иштейм. Ошондо да жетпей калып жатпайбы. Чынын айтсам, жашоом жеңил эмес (ред. ыйлап). Баарын таштап салгың келет, бирок кантип?! Кээде жашагың да келбей кетет. Менин ордумда эркек адам болсо, мындай кыйынчылыкка чыдабай ичип кетмек деп ойлойм.

"Турмуш кыйын бирок баарынан кечип кете албайсың..."

Бир эмес, 2 жогорку билимим бар. Кесибим боюнча медайыммын, жаш кезимде шаардык ооруканада иштегем. 1986-жылы кызматкерлерди кыскарткан учурда жумушсуз калгам.

Учурда пол жууганым үчүн 3 миң сом, кароолчулуктан 2 миң 500 сом айлык алам. Албетте, бул акча эч нерсеге жетпейт. Жакындарым, кызым бул жерде кайырчылык кылып отурарымды билбейт, билбегени эле оң. Ал бул жерге келип отурмак беле, ал анын ордуна окуп билим алсын. Кызым келечекте ким болсо да, ден соолугу чың болсун.

Жардам сурап көп жакка кайрылгам, бирок өзүмдөн башка ишене турган адамым жок. Бирок ал аракеттеримден майнап чыккан жок. Шаарда каттоодо жок болсоң, жашоо оор экен да. Майып баласы бар кызым 1 миң 500 сом өлчөмүндө жөлөк пул алат, ал эмнеге жетсин? Жашоодо канча кыйналса да баарына чыдаган аял көтөрүмдүү болот турбайбы. Мен сыяктуу кыйналган аялдар өтө көп. Эч жакка кайрылгым да келбейт, бул жерде отурганымда көп адам келип сүйлөшүп кетет. Жардам берем дегендер да чыгат, бирок ал убадалар сөз жүзүндө гана. Андан көрө мечиттин жанына барганым оң, ал жерден эч ким суроо бербейт.

"Кайырчы деле адам да... Кайыр сурап отурганымды көргөн айрым кошуналарым сүйлөшпөй калышты..."

Кайырчы деле адам да, эң негизгиси аракеч эмесмин. Өз оокатымды өзүм кылып келем. Жакындарымдан бул жерде отурганымды жашырам. Бирок кошуналарым мени бул жерден көрүп калган. Айрымдары кайырчылык кылганымды билгенден кийин сүйлөшпөй калышты. Айрымдары менин абалымды түшүнүштү. Колунан келгени жардамын көрсөтүп турушат. Эч кимди жамандагым келбейт. Бул жер алдындагы өтмөктөн бир орус келин көп өтөт, ал өзү базарда иштейт экен. Өткөндө ал катуу суукта келип мени "ай, эмне көлөччөн отурасың? Бутуң тоңбойбу!" деп урушту.

Мен башка жылуу эч нерсем жок экенин айттым, 1 миң 500 сомду өтүккө корото албаарымды айттым. Ал эртеси күнү кышкы өтүк көтөрүп келиптир, азыр мына бутумда ошону кийип отурам, бутум үшүбөй калды. Дагы бирөө өткөндө күрмө алып келип берген. Жардам берем дегендер да жок эмес, жакшы адамдар бар экени кубандырат. Эс алуу, майрам деген түшүнүк менде жок. Ачка калбашыбыз үчүн күндө иштешим керек. Тамак-аш жейбиз, батирдин ижарасын төлөшүм керек, таштанды чыгаргандарга акча төлөө керек, электр жарыгына, дары-дармек, ошентип бул тизме түгөнбөйт...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан