ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2018: Кош жаздыктан кол үзүп, жалгыз жаздыкка баш койгон белгилүүлөр кимдер?

Кыргызда "Чымчыктын да уясы бузулбасын" деген кеп бар. Бул сөз көп учурда баш кошкон түгөйлөрдүн ынтымактуу жашоосуна, үй-бүлөсү урабай бекем болушуна карата айтылып жүрөт. Ак ниет менен никелешип, бирок түрдүү себептен улам кайрадан башка-башка жолго түшүүнү чечкен жубайлар, тилекке каршы, болуп келген жана болуп жатат. Өтүп бара жаткан жылда жан шеригинен кол үзгөн атактуу адамдардын тизмеси төмөндө.

АНЖЕЛИКА БЕКБОЛИЕВА АНЖЕЛИКА КАЙРАТОВА БОЛДУ...

Бул жылы Анжеликанын жеке жашоосу коомчулуктун талкуусунда болду. Жыл жаңырары менен Инстаграм социалдык тармагында "сырдуу" баракча ачылып, ырчынын турмушу тууралуу кептер жазылгандан тартып баары башталды...

Билдирүүдө Марат аттуу адамдын аты аталып, гонорар тапшыруу үчурундагы сүрөт жүктөлүп, ырчынын үй-бүлөсү бузулганы белгиленген. Бирок Анжелика бул кептин баары ага кара санаган адамдар тарабынан жасалып жатканын айткан. Бирок андан көп өтпөй, 11-январда ырчы айымдын күйөрмандарын кейишке салган жаңылыгы жарыяланды. Тагыраагы, ырчы айым күйөөсү Урмат Бекболиев менен ажырашуу тууралуу арызын 2017-жылдын декабрь айында жазганы белгилүү болду.

Ал эми 2-апрелде он жыл чогуу түтүн булаткан түгөйлөр мыйзамдуу түрдө ажырашты. Ырчы Урмат Бекболиевге 2006-жылы турмушка чыккан. 10 жылдан ашык убакыт бирге түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан.

БАКЫТ БАЙСАРИЕВ ЖУБАЙЫ МЕНЕН АЖЫРАШКАНЫН АЙТТЫ

Бийчи, шоумен Бакыт Байсариев Алия аттуу кызга үйлөнүп, 2017-жылдын апрель айында үлпөт тою менен биргеликте Алия экөөнүн кызынын тушоо тоюн өткөргөн. Бирок жыл айланбай ушул жылдын апрель айында аялы менен ажырашып кеткенин ачыкка чыгарган. "Менин ордумда болгон башка эркек да ушундай кадамга бармак" деген Байсариев ажырашуусунун так себебин билдирген эмес. Алардын ортосунда 1 кызы бар.

Бакыт Байсариев менен мурунку жубайы Назира Момунтаева экөөнүн ортосунда 1 кыз, 1 уулу бар. Алар биргеликте 8 жыл жашап, 2015-жылы ажырашып кетишкен.

АЛИША ДИА 8 ЖЫЛ МАМИЛЕ КУРУП ЖҮРҮП, ТУРМУШКА ЧЫККАН КҮЙӨӨСҮ МЕНЕН АЖЫРАШЫП КЕТТИ

Өтүп бара жаткан жылда күйөөсү менен 2 беткей кеткенин бир нече тасмада роль жаратып, бир эле учурда актриса жана ырчылык кесипти аркалап келе жаткан Алиша Диа ачыктаган. "Жолдошу менен ажырашып кеткен" деген кептер байма-бай айтылып жаткандан улам ушул жылдын февраль айында Алиша Диа SUPER.KG порталына анын чындыгын ырастаган.

"2017-жылдын 2-сентябрында үйлөнүү тоюбуз болгон, кайра эле 13-сентябрда ажырашып кеттик. Ошондон бери чогуу жашабайбыз, мыйзам жолунда ажырашканбыз. Эки беткей кеткенибиздин себеби тил табыша албай калганыбызда. Биздин ажырашуубуз - бул тагдыр экен", - деген ырчы.

Алиша Диа "Уурунун махабаты", "Гаишниктер", "Сүйө бил", "Шаардык келин Шарапат" жана казактардын "Жаным" сериалында роль жаратып, "Импульс" тобунда ырдап жүргөн.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЧЫР-ЧАТАКТАН УЛАМ ИЛЬЯС КУДРЕТОВ АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ

"Өмүр, ай", "Жайна" жана башка ырлары менен таанылган ырчы Ильяс Кудретов ушул жылдын 31-августунда жубайы менен ажырашканын SUPER.KG'ге тастыктаган. Ырчы 22 жаштагы жубайы Нурзада менен ажырашуусуна үй-бүлөлүк чыр-чатактар себеп болгонун, экөөнүн ортосунда 1 жаштагы кызы бар экенин билдирген. Айтымында, алар биргеликте 2 жыл түтүн булатышкан.

"Экөөбүздүн ажырашуубузга кызганыч же менин чыгармачылыгым деле себеп болгон жок. Келинчегимдин мага кылган мамилесинен, "сага эмнеге тийдим экен" деген сөздөрүнөн улам чырдашып келе жатканбыз. Ата-энем дагы кеңешин берген. Бирок чырыбыз бүтпөй койгондуктан "эми өзүңөр чечкиле" деп эркибизге койду. Кызыбыз үчүн жашайлы десем, жубайымдын жашагысы жок", - деген анда ырчы мырза.

Ырчы Ильяс Кудретов 1992-жылы 17-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында төрөлгөн. Жеке ырчы катары чыкканга чейин "Добулбас" тобунда ырдап жүргөн.

ЭЛДИЯР КЕНЕНСАРОВ МЕНЕН КАМИЛА АБДИЛ БИРИ-БИРИНЕН КОЛ ҮЗҮШТҮ

Бул түгөйлөрдүн турмушта 2 беткей кеткенин уккан миңдеген күйөрмандары кейип жатканын интернетке байма-бай жазып жатышты. Түгөйлөрдүн ажырашуусу тууралуу адегенде "Азия Микс" КВН командасынын башчысы Элдияр Кененсаров жубайы Абдил Камила Онайбек кызы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Эң жакын адамымдын колдоосун көрө алган жокмун. Бардык ишти өзүм бүтүрчүмүн. Кош бойлуу кезимде, толгоом башталган кезде сүйгөн адамым өзүнүн "маанилүү" иштерин бүтүрүп жүрдү. Уулубузду төрөлгөнүнө 1 ай болгондо көргөн. Ортодо уруш-талаш деле болгон жок.

Мен ага тоскоолдук жаратпайын деп кичинекей балдарым менен үй-бүлөдөгү маселелерди жалгыз чечип, ал тургай, жолдошумдун долбоорлоруна жардам берип жүрдүм. Канча жер котордук, көчүп-конуп жашадык. Баарына чыдадым. Бирок сүйүктүү адамым тууралуу бир чындыкты угуп аябай капа болдум. Анысына макул деп, бир мүмкүнчүлүк бердим. 2 жыл аралыгында ортобуздагы сый-урмат калыбына келер деп аракет кылдым. Муну бир тараптуу чечим деп кабыл алууга болбойт. Анткени ушунча кыйынчылыктардан кийин жолдошума ажырашалы дегенимде ал дагы макулдугун берди. Экөөбүз тынчтык жолу менен эки башка жолго түштүк", - деп жазган анда ал.

Элдияр Кененсаров менен Камила Абдил 2009-жылы баш кошушкан. Ортодо бир кыз, бир уулу бар. Камила Абдил Кененсаровдон 2 жашка улуу.

НИЯЗ АБДЫРАЗАКОВ 6 ЖЫЛ МУРУН ҮЙЛӨНҮП, АЖЫРАШКАНЫН АЧЫКТАДЫ

Шоу дүйнөсүндө ырчы, аранжировкачы катары таанылган Нияз Абдыразаков көпчүлүккө бойдок экенин айткан. Буга чейин жеке жашоосун табышмактай катып келген ырчы SUPER.KG порталына ушул жылдын 23-мартында мындан 6 жыл мурда үйлөнүп, бирок эки ажырым жолго түшкөнүн айткан.

"Мен 22 жашымда, жубайым 18 жашында баш кошконбуз. 1 жарым жыл чогуу жашап, балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Жылдызыбыз келишпей калдыбы же жаштык кылдыкпы, айтор, түшүнбөстүктөр болуп кетти. Жарашууга даяр болчумун, бирок жубайымдын алдына барып "жарашалы" деп айткан жокмун. Ал оюм ичимде эле калып калды. Тагдырыбыз бир эмес окшойт, кайрадан чогуу боло албай калдык", - деген ырчы.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушул жылдын 9 ай аралыгында өлкө аймагында 7 миң 500 түгөй расмий түрдө ажырашкан. Былтыр 9 ай аралыгында 5 миң түгөй ажырашканы маалым. Эң көп ажырашуулар Бишкек жана Ош шаарында катталган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
molorbaev
2018-12-25 20:53:48
Ажырашуулар болбосо экен. Ар бир уйдо ынтымак, ырашкерчилик, суйуу, бакыт болсун. Балдардын кулкусу жанырсын. Балдарыбыз оз ата-энесинин колунда, бактылуу кундордо чоное беришсин.
+7
Medina87
2018-12-31 11:43:21
Ар бир инсан ички туюму аркылуу оз тагдырына чечим кабылдайт.
Окунчтуусу ортодогу балдарга эле кыйын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан