Орусиядагы 10 миллион мигранттын 2 миллиону мыйзамсыз иштеп жүрөт

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкө аймагындагы мигранттар тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Орусиянын аймагына 17 миллион мигрант кирген. Учурда өлкөдө 10 миллион чет элдик болсо, алардын 2 миллиону мыйзамсыз иштеп жүрүшөт.

"Сандар менен айта турган болсок, өлкөдө мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн чет элдик жарандардын саны 2 миллионду түзөт. Бул азыркы учурда Орусияда иштеп жүргөн 10 миллион мигранттын 20 пайызын түзөт. Ошондой эле жай айларында өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда күтүлгөндөй мигранттар тарабынан мыйзам бузуулардын саны өскөн жок. Чет элдик жарандардын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында рейддер маал-маалы менен өткөрүлүп турду жана мындан ары да улантылат", - деди Орусиянын ИИМинин миграциялык маселелер боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Валентина Казакова.

Кыргыз элчилигинин маалыматтарына ылайык, Орусияда 640 миңдей Кыргыз жараны эмгектенет. Алардын 300 миңден ашууну Москва шаарында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан