Парламент комитетинде калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө маселе каралат

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө парламенттин протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жасайт.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында 7 маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан