Парламент комитетинде 2018-жылы 33 айылдын таза суу маселеси чечилгени айтылды

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө парламенттин протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

Депутат Айнуру Алтыбаева 2019-жылы таза суу киргизүү боюнча канча каражат каралганын сурады.

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев 2019-жылы 350 миллион сом бөлүнө турганын айтты. "2019-жылдын бюджети каралып жатканда таза суу киргизүү боюнча 304 миллион сом бөлүнө турганы айтылган. Премьер-министр 350 миллион сом бөлүнүп бериле турганын билдирди. 89 айылдын тизмесин түзүп бердик. 2018-жылы 33 айылдын таза суу маселеси чечилди", - дейт Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан