Бүгүн таңда Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, 24-декабрда Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2018-жылдын 24-декабрь күнү саат 06:17де Жалал-Абад облусунун аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарында 2-3 баллга, Арал айылында 2 баллга чейин сезилген. Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматы "Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан