Саясатчы Азимбек Бекназаров: "Жогорку Кеңеш конкреттүү бир адамдын маселесин көтөрбөйт"

Буга чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон. Бирок аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында карала элек. Жакында эле Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза ОтунбаеваТекебаевдин парламентаризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун айтып, бирок анын маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлбөй жатканын сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште эмне себептеп көтөрүлбөй жатат?" деген соболуна саясий ишмер Азимбек Бекназаров жооп берди.

Ал соттун чечими күчүндө турганда Жогорку Кеңештин Текебаевдин маселесин көтөрүүгө укугу жок экенин билдирди.

“Жогорку Кеңеш конкреттүү бир адамдын маселесин көтөрбөйт. Алар Текебаевге окшогон ондогон саясатчылардын ишин карайт. Жогорку Сот аркылуу өкүм чыгарылып, жазасын өтөп жаткандар өздөрү сотко кайрылууга укуктуу. Учурда соттун чечими күчүндө турат. Жаңы ачылган жагдай боюнча Текебаев жактоочулары менен бирге мыйзамдуу түрдө сотко кайрылуусу керек. Ал эми Жогорку Кеңеш бир адамдын ишин оңдоп караганга чечим кыла албайт. Чечим кыла турган болсо, сот бийлигинин ишине кийлигишкен болуп калат. Саясий туткундарга байланыштуу ырайым мыйзамын пайдаланса болмок. Бирок конкреттүү Текебаев, Чотонов дебей, саясий туткун деген беренелер боюнча саясий ырайым кабыл алганга Жогорку Кеңештин укугу бар. Тилекке каршы, аны пайдаланган жок.

Ал эми президенттин кечирим бергенге гана укугу бар. Кээде өзүбүз мыйзамдуулукту талап кылабыз дагы, кайра өлкө башчыдан жана Жогорку Кеңештен мыйзамда жок нерсени күчкө салып талап кыла беребиз. Текебаев деп эле көрүнгөн депутат кыйкыра бергени туура эмес. Өмүрбек Чиркешович жалгыз эмес, ондогон киши саясий туткунда жатат. Текебаевдин жанында жаткан Чотоновду деле айтып коюшса болот эле да. Текебаевдин ишин кайра каратуу үчүн керек болсо Маевскийден тосмо арыз алып келүү керек. Ошондо ишти кароого негиз пайда болот”, - деди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Мирлан Бакиров жана укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан