Орусиядагы Кыргыз элчилиги Санкт-Петербург шаарында бетон плита кулап Кыргыз жараны каза болду делген маалыматты тастыктады.
Белгилүү болгондой, каза болгон жаран 28 жаштагы Ш.у.Б. экени аныкталды.
"21-декабрь күнү Санкт-Петербургдагы курулуш аймагында конструкция кулап түшүп, жабыркаган 3 жарандын экөө каза болгон. Маркумдардын бири 28 жаштагы Ш.у.Б. экени белгилүү болду.
Азыркы учурда элчилик жана Санкт-Петербург шаарындагы консулдук Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте каза болгон жарандын жансыз денесин мекенине жиберүү иштери ишке ашырылып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Санкт-Петербург шаарында бетон плита кулап, 2 мигрант каза болгонун жана алардын бири Тажик, экинчиси Кыргыз жараны экенин орус маалымат булактары жазып чыгышкан.