super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Чиновниктерге алгач качып кетүүсүнө шарт түзүп берип, анан сыртынан соттой берүү оң жыйынтык алып келеби?

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев козголгон кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, 25-декабрдагы сот отурумунда 10 жылга кесилди. Андан сырткары мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлө турган болду. Шадиев чет өлкөдө болгону үчүн соттун чечими сырттан окулду.

Кылмыш ишине катыштыгы бар чиновниктердин сырттан камалышы Кыргыз жеринде кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Соттук чечимдердин күчү жок, кылмышкерлер чет өлкөдөн келбейт. Ошону менен бирге жазага да тартылбайт.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Чиновниктерге алгач качып кетүүсүнө шарт түзүп берип, анан сыртынан соттой берүү оң жыйынтык алып келеби?" деген собол салды.

КАРАШЕВ: “Чет мамлекетте качып, мекенине келе албай жүргөн - бул чоң жаза”

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев чиновниктерге качып кетүүгө шарт түзүп берди деген так маалымат жок экенин айтты.

“Шадиевге карата соттун чечимин маалымат каражаттарынан окудум. Сыртынан соттоо боюнча чечим чыгыптыр. Сыртынан камоо бул дагы жаза, коомчулук толук билип жатат. Чет мамлекетке качып, мекенине келе албай жүргөн - бул чоң жаза. Башка чиновниктерге чоң сабак болуп мындай жолго барбашы керек. Өзүнүн киндик каны тамган жеринен, мекенинен алыс жакта жүргөнү Кудайдын чоң жазасы”, - дейт Карашев.

КАДЫРБЕКОВ: “Чиновниктердин качып кетишине чоң байлыгы бар болсо шарт түзүлөт”

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун айтымында, колдорунда ала турган нерселери жокторго башка өлкөгө качып кеткенге шарт түзүлбөйт.

“Эгерде кылмышка катыштыгы бар чиновниктин бул жакта чоң байлыгы, активи болсо аны алып коюш керек. Эгерде ал камалып калса ал активдердин бардыгы мамлекеттин казынасына түшөт, сотко жетип, байлыгы конфискацияланат. Эгерде ал чет өлкөдө жүрүп активдери бул жакта болсо, ошонун активдерин баарын тең келишимге келип башка, керектүү адамга өткөрүп берилет. Өткөрүп бергенден кийин ошого жараша сот процесстери башкача болот. Сотко дагы жетпей калышы мүмкүн. Тергөөнүн негизинде кылмыш иши жабылып калышы мүмкүн. Ошондуктан колунда байлык бар Аскарбек Шадиев же Өмүрбек Бабанов чет мамлекетке качып жатат. Эмнеге Бектур Асанов, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаевди качырбайт? Алардын колдорунда ала турган нерсе жок болсо качырбайт да”, - дейт Кадырбеков.

АЙТКУЛОВ: "Сырттан өкүм карапайым элге эмес, саясатчыларга гана чыгып жатат"

Юрист Икрамидин Айткулов кылмышкерлерге сырттан өкүм чыгаруу мыйзамда жок экенин белгиледи.

"Сырттан өкүм чыгаруу - мыйзамсыз. Конституцияда сырттан өкүм чыгаруу тууралуу норма бар, бирок мыйзам жок. Бул боюнча канча убакыттан бери эле айтып келе жатам. Соттордун сырттан өкүм чыгаруусу Бакиевдерден кийин башталды. Аларды башка өлкөлөр кайтарып бербеши үчүн деле сырттан камап коюшту деп ойлойм.

Эгер кылмыш иши сотко өткөндөн кийин кылмышкер качып кетсе гана сырттан өкүм чыгарса болот. Конституциядагы нормада мыйзамга ылайык деп айтылат, бирок мыйзамдын өзү жок. Кылмыш иши тергелип бүткөндөн кийин материалдар менен айыпталуучу өзү таанышуусу керек. Айыпталуучу таанышкандан кийин сотко өткөрүү керек. Кылмыш ишти айыпталуучу өзү жок болсо сырттан сотко өткөрүүгө болбойт. Менин оюмча, Убактылуу Өкмөт Бакиевдерди кайра Кыргыз мамлекетине бербеши үчүн атайын ушундай кадамга барышкан. Анткени бардык мамлекеттерге кылмышкерди бергиле деп кайрылганда алар "бул саясий куугунтук" деп бербейт. Бакиевдердин Убактылуу Өкмөт тууралуу да билгендери бар болсо керек. Ошон үчүн алардын Кыргыз жерине келишин каалабай жаткандар болушу мүмкүн. Соттор карапайым элге эмес, саясатчыларга, чиновниктерге карата гана сырттан өкүм чыгарып жатышат. Бул алардын чет өлкөдөн келбешин шарттайт. Эгер кылмышкерди биздин өлкөгө кайтарып бер деп айтышса, саясий куугунтук болуп саналып калат. Конституцияда мыйзам жок болгондон кийин соттордун чечимдери дагы мыйзамсыз болуп кала берет", - деди юрист.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК: “Сырттан соттоо коррупцияга каршы күрөшкө кандайдыр бир таасир берет дегенден алысмын”

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек сырттан соттоонун жол-жобосун өзгөртүш керек деген пикирде.

“Сырттан соттоо деген норманын кереги барбы же жокпу? Балким, кылмышка шектүү сотко катышканда гана чечим чыгара турган практикага өтүшүбүз керек. Тилекке каршы, чыныгы коррупцияга каршы күрөш баштала элек. Сырттан соттоо коррупцияга каршы күрөшкө кандайдыр бир таасир берет дегенден алысмын. Системдүү, комплекстүү күрөш керек. Бирок биздин мамлекеттик систем өзү коррупция менен түзүлгөн. Жогорку Кеңеш акча менен түзүлөт, дайындоолор корррупция жолу менен болот. Систем коррупция менен түзүлүп жатса, өзүнө каршы күрөш жүргүзө албайт да. Ошондуктан чыныгы коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мамлекеттин түзүлүшүн түп тамыры менен өзгөртүү керек деп ойлойм. Эң негизгиси коррупцияны жоюу үчүн саясий эрк керек. 27 жылдан бери ушул көйгөйдөн арыла албай келе жатабыз”, - деди ал.

КАЧКЫНБАЕВ: “Саясатчылар өлкөдөн качып кетип жатканда УКМК, Башкы прокуратура кайда эле?”

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев кылмышка тиешеси бар саясатчылардын өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүп берген тийиштүү органдарды жазага тартса болот дейт.

“Мамлекетке толук демократия, жоопкерчилик орномоюнча, мындай адат кайталана берет. Бул иштин прагматикалык жактан пайдасы да болушу мүмкүн. Мисалы, Азиз Батукаевди “каралардын” дүйнөсүн кыргыздар башкарсын” деген ниетте атайын качырган деген маалыматтар да бар. Анын өлкөдөн чыгып кеткенинин талкууланбай жатканы да ошондон. Ал эми саясатчылар өлкөдөн чыгып кетишсе, алардын мүлкүн алып коюу оңой болот. Мамлекетке өткөрүлөт же кызыкдар тараптар арзан баада сатып алып коюшат. Негизи саясатчылар өлкөдөн качып кетип жатканда УКМК, Башкы прокуратура кайда эле? Мындан улам аталган органды да жоопко тартса болот. Толук демократиялык мамлекет болбогонубуз үчүн мындан башка маселелерге да жооп ала албайбыз”, - деди Качкынбаев.

ТУРДУКУЛОВ: “Укук коргоо органдарында жана бийликте Шадиевди жоопко тартуу ниети болсо ишке ашырмак”

Жарандык активист Адил Турдукулов билдиргендей, чиновниктерди качып кетүүсүнө шарт түзүп, сыртынан соттогон азыркы бийликтен башталган жок, андан мурун деле болуп келген.

“Керек болсо камакта жүргөн адамды мыйзамсыз чыгарып кетишкен. Революциядан кийин соттоло турган адамдар ошол убактагы Убактылуу Өкмөттүн чечими менен чыгарылып кеткен. Икрамжан Илмиянов, Адамкул Жунусов чет жакта жүрсө дагы кармалды. Шадиевди жоопко тартуу боюнча укук коргоо органдарында жана бийликте ниет бар болсо ишке ашырмак. Менин оюмча, Шадиев мамлекеттик түзүмдөрдүн кийлигишүүсү, алардын уруксаты менен өлкөдөн чыгарылган. Анткени Шадиев бул жакта болсо азыркы бийлик өкүлдөрүнүн кээ бирлерине карата компромат же маалыматы болушу мүмкүн же аларга карата дагы кандайдыр бир схемаларга тиешеси бар экенин айтмак. Бул ишке күнөөлүү адамдардын саны көбөймөк”, - дейт Турдукулов.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: