Кыргыз бийчилери "America’s Got Talent" теледолбооруна катышат

Кыргыз бийчилери "America’s Got Talent" теледолбооруна катышат. 26-декабрда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Тумар" бий тобунун мүчөлөрүн кабыл алды. Бийчилердин сынакка катышуусуна өкмөт тарабынан финансылык колдоо көрсөтүлөрү тууралуу кабарланды. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жолугушууга "Тумар" бий тобунун түзүлүшүн өбөлгөлөгөн бийчи Атай Өмүрзаков дагы катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген белгилүү бийчилер өкмөт башчыга өздөрүнүн чыгармачыл пландары жана ар кыл эл аралык сынактарга катышуусу тууралуу айтып беришти.

Премьер-министр "Тумар" бий тобунун мүчөлөрү жана Атай Өмүрзаков акыркы жылдары өздөрүнүн өжөрлүгү жана чеберчилиги аркылуу өлкөнү эл аралык сынактарда татыктуу көрсөтүп, жалпы мекендештерге үлгү болуп, Кыргыздын даңкын алыска чыгарып жатканын белгиледи. Өкмөт башчы бийчилердин жаштар арасында заманбап бийлерди жайылтуудагы салымы жөнүндө айтып, максатка жетишүү жолундагы кездешкен жашоодогу кыйынчылыктар жана сыноолорду татыктуу басып өтүүдөгү алардын кайратмандыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
engel
2018-12-26 17:36:00
Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан