Жаңы жылдын алдында "Ош базарынын" аймагында тартип күчөтүлөт

Жаңы жылдын алдында "Ош базарынын" аймагында тартип күчөтүлөт. Учурда базардын айланасында мыйзамсыз, башаламан сооданы иретке келтирүү иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев билдирди.

"Жаңы жылдын алдында "Ош базарынын" аймагында башаламан соода кылгандардын саны кескин өсөт. Мындай көрүнүш жыл сайын болуп келет. Майрамдын алдында базар айланасындагы тартип күчөтүлөт. Тиешелүү мекемелердин кызматкерлери жолдун четинде, аллеяда, базардын тегерек четинде башаламан соода кылгандарды иретке келтирүү иштери жүргүзүлөт. Андан сырткары, 1-январдан тарта Киев-Кулиев жана Киев-Бейшеналиева көчөлөрүндө унаа жолун толугу менен ачуу пландалууда", - дейт Чыныбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан