super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: “Чиновниктердин качып кетишине чоң байлыгы бар болсо шарт түзүлөт”

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев козголгон кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, 25-декабрдагы сот отурумунда 10 жылга кесилди. Андан сырткары мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлө турган болду. Шадиев чет өлкөдө болгону үчүн соттун чечими сырттан окулду.

Кылмыш ишине катыштыгы бар чиновниктердин сырттан камалышы Кыргыз жеринде кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Соттук чечимдердин күчү жок, кылмышкерлер чет өлкөдөн келбейт. Ошону менен бирге жазага да тартылбайт.

SUPER.KG порталынын "Чиновниктерге алгач качып кетүүсүнө шарт түзүп берип, анан сыртынан соттой берүү оң жыйынтык алып келеби?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди.

Анын айтымында, колдорунда ала турган нерселери жокторго башка өлкөгө качып кеткенге шарт түзүлбөйт.

“Эгерде кылмышка катыштыгы бар чиновниктин бул жакта чоң байлыгы, активи болсо аны алып коюш керек. Эгерде ал камалып калса ал активдердин бардыгы мамлекеттин казынасына түшөт, сотко жетип, байлыгы конфискацияланат. Эгерде ал чет өлкөдө жүрүп активдери бул жакта болсо, ошонун активдерин баарын тең келишимге келип башка, керектүү адамга өткөрүп берилет. Өткөрүп бергенден кийин ошого жараша сот процесстери башкача болот. Сотко дагы жетпей калышы мүмкүн. Тергөөнүн негизинде кылмыш иши жабылып калышы мүмкүн. Ошондуктан колунда байлык бар Аскарбек Шадиев же Өмүрбек Бабанов чет мамлекетке качып жатат. Эмнеге Бектур Асанов, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаевди качырбайт? Алардын колдорунда ала турган нерсе жок болсо качырбайт да”, - дейт Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, юрист Икрамидин Айткулов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: