ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2018: 2 ай аралыгында өткөн Азия, Көчмөндөр жана Олимпиада оюндарында кыргыз спортчулары 128 медаль жеңип алышты

2018-жылы Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде ийгиликтүү болуп, мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Кыргыз спортчулары Жайкы Азия оюндарына, өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында жана Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында катышып медалдарды жеңип алышты. Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спортчуларыбыз 103 медалды багындырганга жетишсе, Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарынан 20 медаль жана өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында 5 медаль жеңип келишкен.

АЗИЯ ОЮНДАРЫ

Жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өткөн. Олимпиада сыяктуу эле 4 жылда 1 жолу өткөн Азия оюндарында кыргыз спортчулары 20 медаль жеңип, буга чейинки оюндардагы жыйынтыктарга караганда ийгиликтүү болду. 1994-жылдан бери кыргыз спортчулары 46 медаль алып келсе, бул ирет анын үстүнө 20 медаль кошту. 20 медалдын арасынан 2 алтын, 6 күмүш жана 12си коло болду.

Алтын медалдардын ээлери:

Алтын байгени Кыргыздын капчыгына биринчи болуп спорттун жиу-житсу түрүнөн Төрөкан Багынбай уулу алып келген. Багынбай уулу 69 килограмм салмак ченинде финалга чыгып, Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талиб менен кездешкен. Беттештин жыйынтыгында кыргыз балбаны 2:0 эсеби менен жеңишке жетип, Азия оюндарынын чемпиону аталган.

2-алтын медалды Кыргыз капчыгына жөө күлүк Дарья Маслова алып келген. Ал 10 миң метр аралыктагы жарышта күч сынашып, 32 мүнөт 7,23 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 8 спортчунун арасынан 1-болуп келген. Муну менен ал Азия оюндарынын чемпиону болгон.

Күмүш медалдардын ээлери:

Кыргыз капчыгына күмүш медалдарды спорттук күрөш боюнча балбандарыбыз көбүрөөк алып келишти, алар 4 күмүштү тагынышты. Балбандарыбыз финалдык беттешке аттанып, грек-рим күрөшү боюнча Каныбек Жолчубеков менен Акжол Махмудов, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова жана эркин күрөштө Магомед Мусаев жеңилүү ызасын тартып калып күмүш байгелерге ээ болушту.

Жөө күлүк Дарья Маслова дагы 1 күмүш медалды утуп алды. Ал 5 миң метр аралыктагы жарышка катышып фиништик чийинге 2-болуп келген.

Кыргыз капчыгына 6-күмүш медалды жиу-житсу боюнча мелдеште Нурсултан Алымкулов тагынган. Ал мелдештин финалына чыгып, казакстандык Руслан Исраиловдон 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Коло медалдардын ээлери:

12 коло медалдын арасында 4 коло медалды спорттук күрөш боюнча балбандар алып келишкен. Амантур Исмаилов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча коло медалдарды алса, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы мелдеште коло медалдарды тагынган.

Жиу-житсу боюнча мелдеште дагы ага-ини Муртазали жана Абдурахманхажи Муртазалиевдер коло медалдарды жеңген. Алар 85 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, жарым финалдык беттеште атаандаштарына жеңилип калышкан.

Дзюдочулар Азия оюндарынан 2 коло медаль жеңип алышты. Буга чейинки оюндарда дзюдочулар байгелүү орундарга илинбей келген. 66 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Артур Тё коло медаль үчүн беттеште өзбекстандык Шахрам Ахадов менен кездешип, 1:0 эсеби менен жеңишке жеткен.

81 килограммга чейинки салмакта Владимир Золоев катышып, коло медалдын ээси болгон. Ал медаль үчүн күрөштө Такеши Сасакини 106 секунддун ичинде иппон менен жеңип алган.

Оор атлетика боюнча мелдеште атактуу балбаныбыз Иззат Артыков коло байгеге ээ болгонго жетишкен. 69 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында күч сынашкан Артыков булкуп көтөрүүдө 147 килограммдык, түртүп көтөрүүдө 183 килограммдык штанганы көтөрдү. Спортчунун жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчү 330 килограммды түзүп, ал коло медалдын ээси болгон.

Дагы 2 коло медалды пенчак-силат мелдеши боюнча Данияр Токуров жана Жолдошбек Акимканов капчыкка алып келишкен. Алар өз салмак чендеринде жарым финалда жеңилүү ызасын тартып, 3-орунду ээлеп калышкан.

Бокс боюнча мелдеште чебер мушкерибиз Азат Үсөналиев Кыргыз капчыгына акыркы медалды алып келген. Ал жарым финалда Азиянын учурдагы чемпиону, өзбекстандык Жасурбек Латипов менен кез келип, жеңилип калган.

Беделдүү мелдеште ээ болгон спортчуларыбыз жана алардын машыктыруучулары Азия оюндарындагы жетишкендиктери үчүн мамлекеттен 21 миллион 600 миң сом акчалай сыйлыкты бөлүп алышкан. Алардын ичинен эң көп сыйлыкты 2 медаль жеңип келген Дарья Маслова алды, ага 2 миллион сом ыйгарылган.

ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ

Өлкөбүздөгү орун алган эң ири мелдеш бул жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду. Белгилүү болгондой 2014-жылы орун алган алгачкы мелдеште 19 өлкөнүн 771 спортчусу катышса, бул ирет 82 өлкөлөн 2 миң спортчу келип, спорттун 37 түрүнөн медалдар үчүн күч сынашкан.

Көчмөндөр оюндарында спорттун 37 түрүнөн мелдештер өтүп, 118 медалдар топтому ойнотулган. Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары эң көп медалдарга ээ болуп, медалдык жарышта 1-орунду камсыздады. Жалпы эсепте кыргыз спортчулар 103 медаль тагынганга үлгүрдү. Анын ичинен 40 медаль алтын, 32си күмүш жана 31и коло медаль болду.

Көчмөндөр оюндарынын эң кызыктуу жана бүйүр кызыткан мелдеши адаттагыдай эле көк бөрү болду. Анда 11 команда 4 тайпага бөлүнүп ойношту. Кыргыз улуттук курамасы тайпалык баскычта Алтай, Монголия курамалары менен "А" тайпасына кирип, күч сынашты.

Кыргыз улакчылары тайпалык баскычтагы алгачкы беттеште Монголияны 29:5 эсебинде жеңип алган. 2-беттеште Алтай курама командасынын оюнчулары жаракат алып оюнга чыкпай коюшкан, аларга техникалык жеңилүү берилген. Муну менен Кыргыз курамасы жарым финалга чыгып, анда Москванын курамасы менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында эсеп саны 23:6 болуп, Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады. дагы бир жарым финалдык беттеште Өзбекстан менен Казакстан курамалары беттешип, өзбек улакчылар 5:4 эсебинде жеңишке жеткен. Бул беттештеги жыйынтык көбүндө казак улакчылар атайын утулуп берип койгондой элес калтырган. Бул үчүн казак улакчылар бир топ сын-пикирге кабылган.

Муну менен финалга Кыргыз жана Өзбек курама командалары чыгып, кыргыз улакчалары кыйынчылыксыз 32:9 эсеби менен жеңишке жетишти.

Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Кыргыз курамасы 3 миллион сом акчалай сыйлыкка ээ болду, 2-орунду ээлеген Өзбекстан курамасы 1 миллион 500 миң сом, 3-орунду ээлеген Казакстан курамасы 1 миллион жана 4-орунду алган Москва курамасы 500 миң сом акчалай сыйлык алышты.

Көчмөндөр оюндарында дагы бир кызыктуу мелдеш өттү. Улуу көчмөн күрөшү аттуу мелдеште Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн мелдешке күрөш түрлөрүнүн абсолюттук чемпиондору катышкан. Жыйынтыгында орусиялык Айдын Монгуш аттуу балбан жеңүүчү аталып, 1 миллион сом, чемпиондук кур жана аргымак утуп алды.

8-сентябрь күнү мелдештин жабылыш аземи өтүп өлкөбүздүн өкмөт башчысы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Түркия мамлекетине өткөрүп берген. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түркиянын маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга Көчмөндөр оюндарынын негизги атрибуту болгон желегин, мөңгү суусун Көчмөндөрдүн китебин тапшырган. Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ

Узап бара жаткан жылдын октябрь айында Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары өткөн. Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу барып, спорттун грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, заманбап айкалышкан беш спорт, стритбол жана фехтование түрлөрү боюнча катышкан. Кыргыз спортчулары 3 күмүш жана 2 коло медаль утуп алганга жетишти. Алардын ичинен спортчуларыбыз 3 медалды жеке мелдеште тагынса, 2 медалды командалар арасындагы мелдеште жеңип алышты.

Кыргыз капчыгын медалдар менен суучул Денис Петрашов, балбан Элмирбек Садыров жана фехтование боюнча мелдеште Хасан Баудунов толуктаса, командалык мелдеште Хасан Баудунов күмүш медаль тагынып, дзюдочу Султан Жеңишбеков коло медалга ээ болгон.

Сууда сүзүү боюнча мелдеште өлкөнүн спорт чебери Денис Петрашов брасс стилинде 50, 100 жана 200 метр аралыктагы жарышка катышкан. Ал 9-октябрь күнү 100 метр аралыктагы жарышта финалга өтүп, финалда 1 мүнөт 59 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 2-орунду ээлеген. Денис Петрашов 200 метр аралыктагы жарышта финалга өтө албай калса, 50 метр аралыкта финалга чыгып, бирок байгелүү орундарга илинген жок.

Ошол эле күнү Хасан Баудунов фехтование боюнча мелдеште күч сынашты. Баудунов тайпалык баскычта 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу атаандашын утуп, 2 жолу жеңилип калды. Бул жыйынтык менен ал чейрек финалга өтүп, анда япониялык спортчуну 15:9 эсебинде утту. Жарым финалда спортчубуз, тилекке каршы, германиялык спортчудан жеңилүү ызасын тартып калды. Коло медаль үчүн күрөштө Хасан Баудунов египеттик Мохаммед Элсаидди 14:13 эсеби менен утуп коло медалдын ээси аталган.

11-октябрда фехтование боюнча мелдештин командалык беттештери орун алды. Анда Хасан Баудунов "Азия-Океания-1" командасына Тайбэй, Япония, Түштүк Корея жана Гонконгдун спортчулары менен бирге кирди. Алгачкы беттеште Баудуновдун командасы "Азия-Океания-2" командасы менен күч сынашып, 30:23 эсеби менен жеңип алды. Жарым финалда "Азия-Океания-1" "Америка" командасы менен кездешип, 18:15 эсеби менен утуп алышты. Финалдык беттеште "Азия-Океания-1" командасы "Европа-1" командасы менен беттешип, Хасан Баудуновдун командасы 28:25 эсебинде жеңилип калды. Бул жыйынтык менен Хасан Баудунов "Азия-Океания-1" командасы менен күмүш медалдарды тагынган.

11-октябрь күнү дзюдо боюнча мелдеште дагы командалар арасындагы таймаштар орун алды. Анда "Рио-де-Жанейро" командасында кыргыз спортчусу Султан Жеңишбеков катышты. Мелдештин жүрүшүндө Жеңишбековдун командасы жарым чейрек финалда Сидней командасын 4:3 эсебинде утуп, чейрек финалда Атланта командасын 5:4 эсеби менен утту. Жарым финалда Султан Жеңишбековдун командасы, тилекке каршы, Афины командасынан утулуп, финалга өтө албай калды. Бирок бул жыйынтык менен Султан Жеңишбеков жана анын командасы коло медалдарды тагынган.

13-октябрда Олимпиада оюндарынын алкагындагы грек-рим күрөшү боюнча мелдештер старт алган. Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Элмирбек Садыров катышкан. Садыров чейрек финалдык баскычтан күрөшүп баштап, анда жаңы зеландиялык балбанга мүмкүнчүлүк бербей, 9:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда Элмирбек Садыров мексикалык балбанга каршы келип, аны 9:6 эсебинде утуп алды. Муну менен ал финалга чыгып, анда грузиялык Георги Чхиквадзе менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө грузиялык балбан мыктыраак болуп, 9:0 эсебинде жеңишти илип кетти. Алтын медалдын ээси Чхиквадзе болсо, күмүш медалды Элмирбек Садыров тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан