Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер каралып жатат. Аталган жыйында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Калдарбек Баймуратов Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда бир дагы заманбап стадион жок экенин айтты.
Депутат Сузак районундагы стадион маселесин өкмөт 2019-жылы чечип бериши керектигин айтып, жардам берүүсүн суранды.
"Кыргыз мамлекетинин аймагындагы эң чоң Сузак районунда бир дагы стадион жок. 2019-жылы райондун мааракеси өтөт. Ошого чейин бир стадион салынып калса жакшы болот эле. Ага жергиликтүү элдин алы келбей жатат, өкмөттүн колдоосу керек болууда. Эл деле карап турбайт, алар дагы колдон келген жардамын аябайт", - деди Баймуратов.