Жогорку Соттун төрайымы Тергөө судьясы институтун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтты

Бүгүн, 27-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйыны өтүүдө.

Анда Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Тергөө судьясы институтун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. "2019-жылдан тарта Тергөө судьясы институту ишке кирет. Мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү соттордо тергөө судьяларынын штаттык бирдиктери киргизилгенге чейин соттук көзөмөлдү жергиликтүү соттордун Жогорку Сот тарабынан аныкталуучу судьялары жүзөгө ашыруусу көрсөтүлгөн. Тергөө судьяларынын штаттык бирдиктери бекитилип, алардын толук кандуу иштей баштагандан кийинки иштөө тартибин жөнгө салуу жагы мыйзамда каралбай калган. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеште тергөө судьяларынын штаттык бирдиктери тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат", - дейт ал.

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтык Шайназаров, Эмил Токтошев, Канатбек Керезбеков жана сот тармагынын өкүлдөрү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан