super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Бийликтин соттук реформасы атактуу Матраимовго жеңиш тартуулоо менен башталды

 

Бүгүн, 28-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек шаардык соту Райымбек Матраимовду мурдагы кызматына кайра дайындоо боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул чечими менен Кыргыз соту коомдук пикирдин бетине түкүрүп таштады.

Райымбек Матраимов - коррупцияга байланыштуу Кыргыз жеринде ысымы эӊ көп аталган адамдардын бири. Эл арасында "Райым миллион" деп да айтылып жүрөт. Өкмөттү жетектеген Сапар Исаков, өлкөнү жетектеген Алмазбек Атамбаев да бул адамды жогорудагыдай атаганы жалпыга маалым. Ал 2007-2015-жылдары "Ош" бажысын, Бажы кызматынын түштүк башкармалыгын жетектеп турган. 2015-жылы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2 жыл иштеди. 2017-жылы ал кездеги премьер Сапар Исаковдун буйругу менен "иши саясий жетекчиликтин ишине каршы" деп кызматтан алынган. Бирок президент Жээнбековдун бийлигин бекемдеген соӊ Матраимов жанданды.

Исаковдун чечимине макул эместик билдирип, сотко кайрылып, кайра кызматына дайындоону талап кылган. Анын талабын алгач Бишкектин райондук соту, эми шаардык сот канааттандырды. Июль айында Биринчи Май райондук соту анын каалоосун орундатып, Матраимовду Мамлекеттик бажыдагы мурдагы кызматына кайра коюуга чечим чыгарды. Өкмөт бул чечимге каршы кийинки инстанцияга арызданып, процесс Бишкек шаардык сотунда 5 айдан бери созулуп келе жаткан.

Шаардык соттун Матраимов боюнча чечими - азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү ниетине чоӊ күмөн жаратат.

2010-жылдан кийин өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка аёосуз күрөш жарыялаган Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 2013-жылы Азиз Батукаевди абактан бошотуп, медициналык корутунду, паспортунан бери даярдап берип чет өлкөгө чыгарып жиберген. Бул окуядан кийин эл бийликтин криминал менен күрөшүү аракетинен түӊүлгөн. Соӊку 7 жылдагы шайлоолор криминал өкүлдөрүнүн жогорку кызматтарга барышына, атүгүл Жогорку Кеӊешке депутат болуп келүүсүнө жол ачты.

Ушул жылы февралда Сооронбай Жээнбеков өлкөдө коррупцияга каршы катуу күрөш жүрөрүн, эч кимди аёо болбой турганын айтып чыкты. Бирок коомчулук "бажыдагы коррупциянын атасы" деп шекшип жаткан адамдын соттун 2 баскычынан утуп чыгып, акчалуу кызматына "жолдомо" алышы Жээнбековдук бийликтин коррупцияга каршы күрөшү алардын командасына кирбеген "өзгөлөр" үчүн эле жүрүп жатканынан кабар берет.

Жарандык активист Азамат Акенеев Матраимовго чыккан соттун чечими тууралуу "коррупцияга каршы жалындуу билдирүүлөр, соттук реформа, стратегия, мунун баары эми эч нерсеге арзыбайт, ишеним болбойт" деп билдирди. Райымбек Матараимов боюнча ЖМКлар атайын иликтөөлөрдү жасап, анын жана жакындарынын кымбат баалуу мүлктөрүнүн тизмесин жарыялап, жарандык коом, парламент депутаттары бийликтен анын кантип байыганын текшерүүнү талап кылып келе жатат. Бирок экс-чиновник Атамбаевдин тушундагыдай эле Сооронбай Жээнбеков бийликте турган 1 жылдан бери кол тийгис бойдон калууда. Жакында президент Жээнбековдун маалымат жыйынында суроолордун көбүн Матраимовго тийиштүү маалыматтар түздү. Ал эми президент Матраимовго жан тартып, жоопкерчиликти мурдагы бийликке оодарууга аракет кылды. "Матраимов жөнүндө 7 жыл сөз болбой эле жүргөн. Анан Жээнбековдун тушунда эле жаман болуп калабы", - деди президент. Матраимов тууралуу курч суроолорго президент "керек болсо текшеребиз" деп кыска жооп берүү менен кутулду. Президенттин Матраимовго жан тарткандай сөзү сотторго канчалык таасир этти белгисиз, бирок ажонун маалымат жыйынынан көп өтпөй, бир нече айларга созулган соттук процесс атактуу Райымбек Матраимовдун пайдасына чечилди. Бул катардагы соттук чечим эмес, азыркы бийликтин тушундагы коррупцияга каршы күрөштүн чыныгы жүзү...

2019-жылдан тарта эреже бузган айдоочуларга жаза күчөтүлөт.

1-январдан тарта күчүнө кирүүчү "Эреже бузуулар жөнүндө" кодекске жана "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу Жогорку Кеӊеште 27-декабрда 1-окууда каралды. Ага ылайык, жол эрежесин бузууларга айып пулдун эӊ азы 1000 сом, эӊ көбү 17 миӊ сомду түзмөкчү. Бул жеке жактар үчүн, ал эми юридикалык жактарга сумма мындан эселеп жогору болот. Демилгечилер максат - "Коопсуз шаар" долбоорун ийгиликтүү иштетүүгө шарт түзүү деп жатышат. Тийиштүү мыйзамга бир топ жаӊы нормалар киргизилүүдө. Мындан ары МАИ кызматкери эреже бузган айдоочунун айдоочулук күбөлүгүн албайт. Айып пул төлөтүүгө протокол түзүлүп, айыпты өз убагында төлөбөгөн адамдын эсебине туум жазыла баштайт. Мисалы, 1000 сом айып жазылган айдоочу айыпты өз убагында төлөбөсө туум өсүп отуруп 1000 сомго чейин жетиши мүмкүн. Коопсуздук курун тагынбагандарга буга чейин 300 сом айып салынып келсе, эми бул сумма 1000 сомду түзөт. Мас абалда унаа айдап баратып кармалгандар 17 миӊ сом төлөөгө милдеттендирилет. Буга чейин эреже бузууларды фото, видеого тартуу аркылуу айдоочуларга айып төлөтүү иши кыйынчылык жаратары айтылып жаткан. Анткени унааны өзүнүн наамына каттатпай, ишеним кагаздар менен айдап жүргөндөр көп. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам күчүнө кирсе, айып пулду автоунаанын техпаспорттогу ээсине төлөтүү нормасы иштейт дейт. "Жарандар унаасын сатарда сатып алуучуга биротоло өткөрүп берүүгө кызыкдар болушу керек. Мисалы, менин наамымда 5 унаа болсо, баарынын айып кагазы мага келет", - дейт Асанов. Мындай болорун 2017-жылдан бери айтып келе жатышат, толтура акча коротуп, бирок иретке келтире алган жок. Айып пулду көтөрүү мыйзамды сыйлаган, коррупциясыз өлкөдө оӊ натыйжа берери талашсыз. Кыргыз өлкөсүндө бул аракет МАИ тармагындагы коррупцияны күчөтүшү мүмкүн деген да кооптонуулар айтылууда. Системди өзгөртүп, жол кыймылын тескөөчү инспекторлорго жогорку айлыктарды коюп бермейинче эреже бузган айдоочудан пара алуу токтобой турганын тажрыйба көрсөтүп жатат. Ошентсе да бул жолку аракет кандай жыйынтыктарды берери 2019-жылдын алгачкы айлары көрсөтөт...


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121013;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: