super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: ЖМКларды миллиондогон сомдук доого жыкмай дагы башталды. Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болобу?

 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берди. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болууда. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден, жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ЖМКларды миллиондогон сомдук доого жыкмай дагы башталды. Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болобу?" деген собол салды.

СООРОНКУЛОВА: “Соттор журналисттердин оозун бууп коё турган чечимдерди чыгарып жатат”

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова журналисттерге карата доо арыз менен кайрылуу буга чейин болуп келген, мындан ары дагы боло берет деген пикирде.

“Сотко доо арыз менен кайрылуу ар бир адамдын өзүнүн иши. Кеп соттордо болуп жатат. Доо арыз менен кайрылган адамдар сураган сумманы соттор канааттандырып коюшууда. Негизги көйгөй ошол. Сот аткарыла тургандай чечим чыгарышы шарт. Кээде журналисттерди миллиондогон сомго жыгып жатышат. Ошол акчаны журналисттер төлөп деле бере албайт. Сот чечими аткарылбайт. Ошондуктан абалына карата чечим чыгарыш керек. Арыз берген адам каалаган суммасын сурай берет, бирок далилдерин келтирбейт. Ал ар-намысына кандайча зыян тийгенин, ошол зыяндын өлчөмүн көрсөтүп, далилдеп бериши зарыл. “Намысыма шек келип ооруп калдым, дарыландым, менин ишмердүүлүгүмө зыяны тийди, келишимдерди түзө албай калдым” дегендей далил болуш керек. Доо арыз бергендер далили жок эле сотко кайрылып жатышат.

Сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте демократиялык өнүгүү болбойт. Биз маалымат каражаттарына “силер маалымат таратпагыла же такталган маалымат тараткыла” деп айта албайбыз. Андай талап коюш үчүн мамлекеттик башкаруу өзү ачык болушу керек. Маалымат каражаттарына купуя, сыр болбогон каалаган маалыматын берип туруу шарт. Бирок бизде болсо бүт нерсе жабык болуп жатат. Сөз эркиндигин туура пайдаланган же пайдалана албагандар бар. Ошондуктан мындай доо арыздар менен кайрылгандар боло берет. Соттор журналисттерге карата адилетсиз, сөз эркиндигине бөгөт коё турган, журналисттердин оозун бууп коё турган чечимдерди чыгарып жатат”, - дейт Сооронкулова.

ТУРДУКУЛОВ: “Апрель” телеканалын сотко берүү аракети - сөз эркиндигине болгон басым”

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов сөз эркиндиги корголбогон мамлекетте өнүгүү болбойт деген пикирде.

“Сөз эркиндиги аркылуу мамлекеттик органдардын элдин астында ачыктыгы жана аларга карата жоопкерчилиги жогорулайт. Ошол ачыктыкты камсыз кылган бул биринчи кезекте азыркы учурдагы журналисттер жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары болуп эсептелет. Ошондуктан бийлик ар кандай ыкмалар менен ошолордун оозун жабуу, аларды ооздуктоо аракетин жасайт. Менин оюмча, Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Апрель” телеканалын сотко берүү аракети - сөз эркиндигине болгон басым.

Мындай нерсе биринчи жолу болгон жок. Мурунку бийлик дагы сот органдары аркылуу миллиондогон сомдук доо арыздарды канааттандыруу аркылуу оппозициялык, көз карандысыз делген “Сентябрь” телеканалын жана “Заноза” сайтын жапкан. Бул жерде дагы кандайдыр бир план менен “Апрель” телеканалын жабуу аракети болуп жатат деген ойдомун. Бул, албетте, туура эмес. Биз буга каршы болобуз жана сөз эркиндигин дагы бир жолу коргоого бүт аракетибизди жумшайбыз”, - дейт Турдукулов.

АКМАТБЕК: “Сөз эркиндигин чектөө жакшы жакка алып барбайт”

Эксперт Руслан Акматбек чуулгандуу иштер коомчулуктун кийлигишүүсү менен ачык-айкын болгондо гана чечилип каларын айтты.

“Өлкөбүздө бир көйгөйдүн чечилиши үчүн сөзсүз түрдө ал коомчулукка тарап, коомчулуктун көңүл чордонунда гана орун алышы керек. Ошондо гана маселе чечилет. Бул баалуулук сөз эркиндиги экенин билдирет. Анткени башка институттар өнүгүүгө салым кошо албай, коомдун көйгөйлөрүн чече албай жатышат. Биз ушул баалуулугубузду көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Ушунун арты менен экономикабыз өнүгөт, коом алдыга жылат. Ошондой эле эл аралык коомчулукта имиджибиз көтөрүлөт.

Сөз эркиндигин чектөө менен жакшылыкка барган жокпуз. Жакынкы тарыхыбыздагы эки төңкөрүш тең сөз эркиндигин чектөөдөн келип чыккан. Акыркы ажонун да сөз эркиндигин чектегени жакшы жолго салган жок. Эми биз бул жолго түшпөй, эркиндикти чектейм дегенге белсенбешибиз керек. Сөз эркиндигин сактоо үчүн коомчулук, ЖМК дагы жапатырмак туруп беришибиз зарыл. Карышкыр тийген койдой болуп бирөөнүн сөз эркиндиги чектелип жатса, баарыбыз карап туруп калуудабыз. Ошондуктан өзүбүз сөз эркиндигинин чектелүүсүнө уруксат бербешибиз керек”, - деди Акматбек.

ШЕСТАКОВ: "Апрель" телеканалын сотко берүү ар-намысты коргоо үчүн эмес, Алмазбек Атамбаевден өч алуу үчүн болууда"

Саясий серепчи Игорь Шестаковдун айтымында, журналисттер жана коомчулук ЖМКларды жок кылуу аракеттерине каршылык көрсөтүшү керек.

"ЖМКларды ири суммаларга сотко берүү биздин саясий элитабыздын жүзүн көрсөтүүдө. Элита өкүлдөрү миллиондорду тапканы аз келгенсип, соттор аркылуу ЖМКлардан миллиондогон компенсацияны да талап кылууда. Кыргыз ЖМКларынын чоң акчалары жок, эгер соттон утулса, ал жок болуп кетет.

Учурда биздин саясий элитаны сындаган ЖМКларды жок кылуу аракети болууда. “Апрель” телеканалын сотко берүү - чындыгында, ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо эмес, Алмазбек Атамбаевден өч алуу болуп жатат. Ал эми журналисттер ортодо жапа чегүүдө. Эгер аталган саясатчылар чындап ар-намысты коргогусу келсе, алар Атамбаев менен бүгүн эмес, ал президент болгон кезде соттошмок. Алар Атамбаевди сотко бериш үчүн шылтоону күтүп турушкан, ошол керектүү шылтоо акыры келди. Азырынча Атамбаев аларга жооп бере албайт, соттошот.

Бул кейиштүү көрүнүш. Бизде саясий элита азыр ушундай. ЖМКларды сотко берүү кечээ эле башталган жок. Атамбаев өзү журналисттерден миллиондогон суммаларды талап кылган, кийин доолорду артка чакыртып алган. Ар-намысты сотто коргоо - бул нормалдуу көрүнүш, бирок кеп моралдык компенсациянын суммасы жөнүндө болууда. ЖМКдан 10 миң сом талап кылса болот же ЖМКны жок кыла турган сумманы талап кылса болот.

Менин оюмча, бийликти жана саясатчыларды системдүү сынга алган күчтүү ЖМКларсыз өлкөдө коррупция күчөйт жана эч кандай өнүгүү болбойт. ЖМКлар саясий токойдун санитарынын ролун ойнойт. Эгер соттор аталган үч саясатчынын доосун канааттандырса, башка журналисттер сынга алуудан коркуп калышы мүмкүн. Ошондуктан коомчулук жана журналисттер өзүнүн пикири менен ЖМКларды жок кылуу аракеттерин токтотушу керек", - деди Шестаков.

АБДЫРАХМАНОВ: "Соттун чечими чыкканга чейин сөз эркиндигине карата басым деп айтууга болбойт"

Журналист Шайырбек Абдырахманов ЖМКнын ишине байланыштуу берилген акыркы арыз өндүрүшкө алына электигин эске алып, пикир айтуу кыйын дейт.

"Менин оюмча, сөз эркиндигине басым башталды деп айтууга эрте. Сот өндүрүшкө алабы, кандай карайт, соттун чечимине жараша гана бир нерсе деп айтса болот. Ар бир адам өзүнүн намысына шек келгенде сотко кайрылууга укугу бар. Булар сотко кайрылды. Соттун чечиминен кийин жыйынтык чыгарабыз. Буга чейин да соттук процессттер болуп, каналдар жабылган. Ошол соттук чечимдерден улам биз сөз эркиндигине басым болгонун айтып чыкканбыз. Адамдын нааразычылык менен жазган арызынын коомдук-саясий абалга тиешеси жок деп ойлойм. Анткени саясий адам болобу же башкабы биз Конституциянын алдында укугубуз бир", - деди Шайырбек Абдырахманов.

КЫЯЗОВ: “Айтылган пикир мыйзамга жана абийирге каршы болбошу керек”

Журналист Эрнис Кыязов сөздүн жана ойдун эркиндиги ар кайсы учурда айтылышы зарыл деген пикирде.

"Айтылган пикир мыйзамга жана абийирге каршы болбошу керек. Улуттар аралык кастыкты козутпай, бир адам менен экинчини, жамаат менен жамаатты чабыштырбаган ой-пикир болушу шарт. Бул жалпы эреже кимдин тушунда болбосун, кандай систем болбосун сакталышы керек деп ойлойм”, - дейт Кыязов.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: