Украинадагы президенттик шайлоо 31-мартта өтөт. Порошенконун негизги атаандашы Тимошенко болууда
Украинада президенттик шайлоо 2019-жылдын 31-мартына белгиленди. Талапкерлерди көрсөтүү документи 3-февралга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн шайлоо комиссиясы кабыл алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Биринчи айлампанын жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланат. Эгерде президенттикке койгон талапкерлер шайлоочулардын 50 пайыз добушун топтой албай калса, экинчи тур өтөт. Экинчи турдун күнү 21-апрелге белгиленген.
Украинанын азыркы президенти Пётр Порошенконун негизги атаандашы талапкерлердин ичинен "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко болууда. Тимошенко социалдык сурамжылоолордун негизинде өзүнүн лидерлигин көрсөтүүдө.