Бишкекте бир топ жылдан бери Жаңы жыл майрамынан кийин биринчи жолу таштанды аз чыгарылды
Бишкекте бир топ жылдан бери Жаңы жыл майрамынан кийин биринчи жолу таштанды аз чыгарылды. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, жалпысынан 26 куб же 4 тоннадай таштанды чыгарылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан 60 адам, 7 атайын техника иштеди. "Мурунку жылдарда 80-100 куб таштанды чыгарылып келген. Быйыл келген адамдардын саны аз болгону да таасирин берди окшойт. Албетте, мындай көрүнүш шаар тургундарынын тазалыкты сактоо маданиятынын өсө баштаганынан кабар берет. "Ала-Тоо" аянтына таштанды салуучу 40 чоң контейнер, 10 евроконтейнер орнотулган эле", - деп билдиришти мэриядан.