super.kg logo

Пластикалык операция жасатканын жашырбаган Назира Жетигенова менен ырчы Азур

 

Ушул тапта пластикалык операция жасаткан айымдардын саны көбөйүп баратканын жашыруу мүмкүн болбой калды. Кыз-келиндер табигый сулуулугуна көрк кошуу үчүн көзүнө, оозуна, дене-мүчөсүнө операция жасатып жатышат. Айрымдары мындай аракеттерин жашырса, арасында өзгөрүүсүн ачык айткандар да бар. Алардын бири ырчы Азур төмөнкүлөрдү билдирди:

АЗУР, ЫРЧЫ: "АТА-ЭНЕМ ПЛАСТИКАГА КАРШЫ БОЛГОН ЭМЕС"

“Көзүмө сурма жасатканымды жашырбайм. Өзүмдүн деле сурмам бар болчу, бирок жүзүмдү европалыктарга окшоштуруу үчүн чоңураак сурма жасатууга туура келди. Бул деле мени аябай өзгөрткөн жок. Анткени образымды линза гана ачат”, - деп ачык эле маек берген.

Бул боюнча Азурдун өзүнө байланышканыбызда: “Менин продюсерим индус болгондуктан жаңы иштешип баштаганда европалык стилде чыгышыбыз керек деп айткан. Биздин, азиат түспөлүндөгүлөрдүн көздөрү бир аз бүтүк болот эмеспи. Анан көзүмдү чоңойтуу максатында блефаропластиканын (көздүн формасын өзгөртүү үчүн жасалган операция) жардамына кайрылгам. Бул шоу-бизнеске аралашуу үчүн жасалган десем туура болот. Ата-энем деле каршы болгон эмес. Себеби алар мени 18 жашка чыккандан кийин өз эркиме коюшкан. Мен деле продюсеримдин сунушуна макул болгом. Мен үчүн бул көрүнүш өтө олуттуу нерсе эмес”, - деген жоопту алдык.

НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА: "ЭЛДИН КӨЗҮ СОКУР ЭМЕС"

Куудул, алып баруучу Назира Жетигенова да пластикалык хирургиянын жардамына кайрылганын жашырбайт. “Мен пластикага кайрылганымды жашырбайм. Себеби элдин көзү сокур эмес да. Биринчи көзүмө, кийин мурдума жасаткам.

Алып баруучу болгондон кийин камера ар кайсы жагыңдан тартат эмеспи, бетимди капталынан тартканда айрымдар “күйөөң мушкерби? мурдуңдү жалпайта уруптур го” деп күлүп калышчу. Туугандарым, досторум да “сенин мурдуң резинка э? Күлгөнүңдө жайылып кетет” дешчү. Анан жайылган мурдумду жайылтпай, чогултуп коёюн деп чечтим”, - дейт дайыма ачык-айрым жүргөн Назира айым.

Буга чейин "Нон-Стоп" дуэтинин мурдагы солисти, ырчы жана ди-джей Чолпон Талипбек көкүрөгүнүн көлөмүн 2-өлчөмгө чоңойтконун айткан.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(4)
02.01.2019. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
30-10-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 15:11
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайдын берген келбетине ыраазы болбой озгортконунор учун Аллахтын алдына барганда азабынар катуу болот го
02.01.2019. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
nargiz94,косоглазыйлар операция кылып журот го ал болобу??
02.01.2019. 21:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 15:33
Жынысы:
Белгисиз
-1
Табийгый нерсеге эмне жетсин,пластик баарыбир пластик, ненодочный корунуп калат, табийгый жаралган нерсенин озу сулуу!
03.01.2019. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
20-01-2019 16:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Европалык стилде чыгам дейби? Эшеке гилем жапсанда эшек бойдон калат, ошого окшоп козунду помдукундай кылып алсан деле бутук кыргыз бойдон каласында, шайтандар десе).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121132;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: