реклама
super.kg logo

Ысык-Көлдө мас абалында унаа башкарган айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынды

 

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында экенин байкашкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, инспекторлор 1-январь күнү токтоткон унаадан 43 жаштагы Т.К. аттуу жаран түшкөн. Ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп жатканда алкоголдук ичимдиктин жыты келген. Кийин экспертиза анын мас абалында экенин аныктаган.

"Өзгөртүлгөн кодекске ылайык, ал айдоочуга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал бир ай ичинде бул сумманы төлөшү керек. Эгер талап аткарылбаса күнүнө жалпы сумманын 0,5 пайызындагы каражат туум катары өсөт. Ысык-Көл ОИИБи айдоочуларга жол эрежелеринин бузулушуна карата салынуучу айып пулдун суммасы өскөнүн эскертип, унааны кылдат айдоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.

Ушул жылдын 1-январынан тартып жол эрежелерин бузгандарга айып пулдун өлчөмү өскөндүгү маалымдалган.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
02.01.2019. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
01-03-2019 01:40
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошондо эмне болот?! Коррупция кайрадан кучойт мыйзамы карапайым калкка кана иштеп баягы жеп жутарлар балдарына туугандарына бул мыйзам отпойт!!!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-01-02 17:29:14
02.01.2019. 17:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
07-07-2013
Соӊку аракети:
22-05-2019 22:59
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ичкен кишиге мага десе 30000 салсын ограничение ремен жана башка штрафтарды мурункудай еле кылып койсо болмок карапайым ел ошол 7500 ду толой алышабы мееси жоктор ошол жагын ойлосо болмок...
02.01.2019. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
616
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
26-05-2019 19:55
Жынысы:
Белгисиз
+7
oruktu_city,ременди тагынып алып,ограничение менен айдап коюш кыйынбы?
02.01.2019. 17:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
01-11-2015
Соӊку аракети:
20-05-2019 21:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+6
oruktu_city, неге асыласынар
Эгер жолдун бир четине ажалды коюп бир четине гаини койсо
Албетте гаини коргондо акырындайсынар
02.01.2019. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
26-05-2019 02:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
oruktu_city,туура айтасын 7500 эмес 17500 айлык зарплата пенсияны да убагында толобосо же ар квартал сайын которулбосо ушинтип койсо жакшы болмок
02.01.2019. 21:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
266
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
26-05-2019 14:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
oruktu_city,
Тууган штраф төлөп бир аз чөнтөгү жукарса ошондо айдабай калат.
02.01.2019. 17:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-08-2018
Соӊку аракети:
26-05-2019 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин тиком озу 50 000 сом алгам эки жолу ичип тушсом машинени ала бер деймда
02.01.2019. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
616
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
26-05-2019 19:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
Samar90,Тиконду токтотуп коюп жоо эле ич жыргап ичесин,мас болуп калсан такси менен уйго жетип аласын.
02.01.2019. 18:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
503
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
24-04-2019 23:41
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ эми карупция кучойт экен да.Мисалы бир кызуу водительди кармады дейли,ал 17,500 сомдун ордуна гайишниктерге 5000сом берсе бутту без протокол.сылап сыйпап узатып коет.Андан коро ар бир водителге видэо рег орнотуу керек.
02.01.2019. 18:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
14-02-2014
Соӊку аракети:
07-03-2019 19:06
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рас эле болуптур. ушундай ичип айдаган мастардын айынан канчалага бейкуноо адамдар бул дуйно мн коштошту..
02.01.2019. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-08-2018
Соӊку аракети:
26-05-2019 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гайи кызматкери Кара -кулжадан болуп калса ененди коросун
02.01.2019. 19:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1003
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
17-05-2019 11:11
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ичкен адамга айып сала берсин, бирок башка айыптар боюнча сөзүм бар.
Кыргызстанда орточо айлыкка карап анан айыпты чоңойтуш керек эле да. Эми эсептей бергиле, врач 1.0 ставка оклады 5000 сом. Түкүрүп койгонго 5500 сом. Эмне деген келесоолук бул айып пул ? Жакында "Ким Чен Ын" болобу биздин президентибиз ?
02.01.2019. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
25-06-2016
Соӊку аракети:
19-02-2019 13:38
Жынысы:
Белгисиз
-1
Президент штрафты эмес, айлык пенсияны көтөрөм деп сөз берди эле го. Патентти да эки эсе көтөрүптүр. Бензин элүү сом болгоно калды. Картошка, эт, буудай дегенди арзандап кетти. Анан иштеп атабыз, Өмүрбек Чиркешович деп калган жери бар. Просто, ичин күйөт да
02.01.2019. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
06-04-2017
Соӊку аракети:
14-02-2019 10:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар, жол эрежесин сактаныздар. Болду анан каяктагы айып пул? Ичкенден кийин кысыш керек да,туурабы? Анан канча толойм деп безилдебей.
03.01.2019. 08:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1404
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
25-05-2019 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тартип орноп калаар, мисалы мен уже машинамы кем мине баштадым зарыкканда гана, себеби бирде болбосо бирде штрафка илээшип калбайын деп, озум го ичпейм чекпейм ПДДны сактап эле айдайм ошентсе да сактыкта кордук жок
03.01.2019. 12:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
758
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
06-03-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактаа ичип журуп машина айдагандарды да колдогондор бар экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126856;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: