super.kg logo

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерди колдоо максатында 1-январдан тарта 4 миң 900 сомдон төлөнө баштады

 

Дайыма көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерди колдоо максатында 2019-жылдын 1-январынан тарта 4 миң 900 сомдон айлык төлөнө баштады. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, майып балдардын ата-энелерин колдоо максатында мамлекет социалдык кызматтын "жеке ассистент" деген жаңы түрүн киргизди. Ага республикалык бюджеттен жыл сайын 420 миллион сом талап кылынат.

Ата-энесине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көрүүнү улантууга, мамлекет тарабынан каржылык колдоо алууга, ошону менен бирге келечекте пенсия алуу мүмкүнчүлүгүн жоготпоого шарт түзөт.

Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жашоо шартына жана өрчүшүнө оң таасирин тийгизет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 29,9 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага дайыма кам көргөн ата-энелерге акы төлөө шарттары жөнүндө токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 27-ноябрында кол койгон.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(5)
05.01.2019. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
18-01-2019 19:04
Жынысы:
Белгисиз
+4
иий, сонун болуптур, ведь можете когда хотите. ал акча деле бир аз болсо да тыгынчык болот дары дармекке. Кудайга шугур, жакшы жанылык экен
05.01.2019. 14:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
19-01-2019 16:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
3 группадагы майыптаргада лиготасын кобойтсонор жакшы болмок.Алардында семиясы бар алар башка адамдарга окшоп чет олкогода барып иштеп келе албайт экен.Оор жумушкада жарабайт экен.3-топтогу группагада конул бурбасанар болбойт ар жылы лиготасына акча кошулду дегени эле болбосо жылына 150 сомдонда кошулбайт экен буларга.Куйоом 7 жыл мурда 2000 алчу ошондон бери аран 7 жылда 1000сом кошулуптур.Бул деген кандай шумдук же жарытылуу жумушка жарабаса ото эле кыйын экен.
05.01.2019. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-08-2018
Соӊку аракети:
16-01-2019 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын 3 группадагыларда майыптарда.Алардын деле акчасын кобуроок кобойтуп койсо болот.Чындыгында 1 жылга 150 сом кошсо ото аз жоок дегенде 300 сом кошуу керек.Аларда жонжерден группага чыкбаса керек.Семясы коп болсо ал алган акчасы чекелеринеда жетбейт.Муну да чондор караштырышы керек экен.
05.01.2019. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 17:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
100сомду аябай эле 5000 кылып койсоңор болмок экен
07.01.2019. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
09-01-2019 07:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне үчүн 6 миң эле баланын ата-энесине. Биз дагы балабызды бирөөгө таштап жумушка кете албайбыз. Чоңоюп баратат бизден башка эч ким көтөрө албайт. Үйдө оорулуу балдарын карап отурган энелердин баарына эле чыгарып беришсе жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: