Америкалык ырчы Леди Гага "Алтын глобус" киносыйлыгына ээ болду

Америкалык ырчы, өзгөчө стилдин ээси Леди Гага "Алтын глобус" киносыйлыгына ээ болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчы бул сыйлыкка "Жылдыз төрөлдү" тасмасына жаздырган чыгармасы үчүн татыган.
Маалым болгондой, Леди Гаганын "Жылдыз төрөлдү" тасмасына жаздырган "Shallow" чыгармасы калыстардын жогорку баасына арзып, сыйлыкка ээ болгон. Ырчы аталган тасмага америкалык актёр, режиссёр Брэдли Купер менен чогуу тартылган. Тасма мюзикл жанрында болуп, Леди Гага баш каармандын ролун жараткан. Андагы баш каармандар ырлардын дээрлик бардыгын жандуу аткарышкан.
Ошондой эле Леди Гага "Драмадагы аялдын мыкты ролу" наамына дагы көрсөтүлгөн.
"Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон актёр, актриса, режиссёр жана тасмалардын тизмеси:
"Мыкты драмалык фильм" - "Богемалык рапсодия" тасмасы;
"Комедия жанрындагы мыкты фильм" - "Жашыл китеп";
"Мыкты анимациялык фильм" - "Жөргөмүш адам: Аалам аркылуу";
"Драмалык фильмдеги мыкты актёр" - америкалык актёр Рами Малек "Богемалык рапсодия" тасмасындагы ролу үчүн;
"Драмалык фильмдеги мыкты актриса" - америкалык актриса Гленн Клоуз "Жубай" тасмасындагы ролу үчүн;
"Комедия жанрындагы телесериалдагы эркектин мыкты ролу" - америкалык актёр жана продюсер Майкл Дуглас "Коминксинин ыкмасы" сериалындагы ролу үчүн;
"Мыкты режиссура" жана "Мыкты чет элдик тасма" наамдары - мексикалык режиссёр, продюсер, сценарист Альфонсо Куаронун "Рим" тасмасына буюрду;
"Мыкты сценарий" - "Жашыл китеп" тасмасынын сценарийин жазган америкалык режиссёр, сценарист Питер Фаррелли, Ник Валелонга жана Брайан Карри.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан