super.kg logo

Москвада жердешинен токмок жеп, ооруканага түшүп калган келин: "Иштеген айлыгымды ала албай жатам, ооруканага кайсы акчаны төлөөрүмдү билбейм"

 

Москвага жумуш издеп барып жердешинен токмок жеп, учурда ооруканада жаткан Замира (аты өзгөртүлдү) аттуу келин башынан өткөн окуяны айтып берди. Ал буга чейин иштегени үчүн айлык акысын ала албай жатат. Анын 2 баласы бар, өзү 30 жашта. Башынан оор мезгилди өткөрүп жатканын Кыргыз өлкөсүндөгү тууган-уругу билбегендиктен, аларды сарсанаа болбосун деп өзү тууралуу маалыматты ачыктабай берүүбүздү суранды.

"Москва шаарына келгениме 2 айдын жүзү болду. Бул жакта бир жумушка кирип жакшы эле иштеп жаткам. Мени менен чогуу иштеген Д.Гүлсүн (ред. аты өзгөртүлдү) аттуу кыз башыма фарфор чайнек менен 5-6 жолу чаап салып, эсимди жоготтум. Ошол маалда эч ким "Тез жардам" чакырып жардам берген жок. Эсиме келгенден кийин өзүм да жакшы болуп калармын деп ооруканага кайрылган жокмун, бирок түнү менен башым ооруп, кусуп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Ошондо айлам кетип "Тез жардам" чакырып, ооруканага келдим. Текшерүүлөрдөн өткөн соң мени жатып дарылан дешти. Учурда ооруканадамын", - дейт бизге кайрылган келин.

Д.Гүлсүн аттуу кыз менен келип чыккан чырдын чоо-жайын сурадык. Замиранын айтымында, ал кыз бир нече адамды "жумуш бар" деп чакырып, андан соң аларга Замиранын телефон номерин берип, "ушул номерге чалсаңар даректи берет" дейт. Гүлсүн ошону менен өзүнүн телефонун өчүрүп, дайынсыз жок болуп кетет. Эртеси жумуш издеген 18дей кыз-келин Замирага чалып даректи сурап, айтылган дарекке келип, жумуш сурашат. Ал эми Замира иштеген жерге 4 гана адамдык жумуш оруну болгон. Сыртта калгандар нааразы болуп, жарымы кетип калат да, 5 аял калып калат. Арасынан үчөө бизге жумуш керек деп чакырган кызды таап бер дешет.

"Мен Гүлсүн менен чогуу иштеп, бир жерде чогуу жашайм. Тиги аялдар "аны таап бер, биздин убактыбызды коротуп, башка ишибизди таштап алыстан келгенибиз үчүн акча төлөп берсин" деп кыстаганынан аларды айласыздан үйгө ээрчитип бардым. Уруш ушундан чыкты. "Аларды эмне ээрчитип келесиң?" деп мени үйдөн кууп чыкты. Түнкү саат 2 болчу, барарга жерим жок, жумушка барып кароолчуга окуяны түшүндүрүп айтып, иштеген жеримде 2 күн түнөдүм. 2-январь күнү жумушта майлык үтүктөп жаткам. Ошондо тиги кыз келип мени чайнек менен башка чаап, уруп салды. Мындан соң мен жумуштан кеттим дагы, башка батир издедим. Эптеп бир батир таап, ал жакка кийим-кечемди киргизип, эс алып жаттым, бирок түнү менен ооруп чыккандыктан айласыз ооруканага кайрылдым", - деди Замира.

Каарманыбыздын эки баласын бул жакта туугандары багат. Өзү Москвага биринчи жолу эле барышы. Замиранын айтымында, ага кордук көрсөткөн кыз учурда интернетте ар кандай сөздөрдү жазып, сүрөттөрүн таратып, жаманатты кылып жатат дейт.

"Батирден чыгып кеткенден кийин Гүлсүн мени интернетке жана ар кандай группаларга жаманатты кылып жазып, сүрөттөрүмдү таратып жатат. Ал менин сүрөтүмдү чыгарып, алдына "бул кыздан абайлагыла, мени менен чогуу жашап кеткен кыз. Мен жокто батирден зер-буюмдарымды, баалуу оокаттарымды уурдап чыгып кетиптир. Өзү Москвага 2 жыл мурда келген, бул жакта селсаяк болуп жүрөт" деп жазып жатыптыр. 2 жыл эмес, келгениме 2 гана ай болду. Азыр эми алым жок, толук жакшы боло элекмин. Ооруканадан чыккандан кийин дагы дароо иштеп акча табууга мүмкүнчүлүгүм жок. Ал эми Гүлсүн болсо кепке келе турган эмес. Эгерде дарыланууга кеткен каражатымды көтөрүп берсе, милицияга арыз жазбайт болчумун. Эми бул жактан чыксам анын үстүнөн арыз жазам", - дейт каарман.

Замирага кыргыз жигиттер группага жазылган маалыматтан улам угуп келишип, жардам колун сунушкан. Алар Замираны алгач кыргыздар иштеткен ооруканага алып барышкан. Андан кийин учурда жатып дарыланып жаткан ооруканага которулган. Ошондой эле уккан-билген башка кайрымдуу жердештер келип акыбалын сурап, анын бул абалга келип калышына себепкер болгон кыздын үстүнөн арыз жазууга юристтерди таап беребиз дешкен. Замиранын учурда бир мүдөөсү бар. Ал буга чейин пол, идиш-аяк жууп иштеген жеринен айлыгын ала албай келет. Ал жактын менеджери Замира чалганда "акчаң берилбейт" деп телефон номерин "кара тизмеге" киргизип койгон. Өзү Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигине да барып кайрылууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми оорукана акысына акча төлөш керек. Бирок ага каражаты жок.

Жакынкы күндөрү бул боюнча экинчи тарапка байланышып, оюн угууга аракет кылабыз.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
09.01.2019. 12:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
19-01-2019 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эх кыргызым эч болбосо чет жерде бири-бирибизди жолоп таяп, ынтымакта болсок болбойбу? Байкуш кыз айыгып кетсин эми.
09.01.2019. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
18-01-2019 01:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Shaa-82,ЭХХХ Эмнесин айтасыз Москвада буут кызкелиндер мээсинен айныптыр 1го жолок болуп жардам берейин деген адам Москвада 20%гана боору ооруйт, Чёт жакта журо берсе таш боор болуп калабы билбейм, бирок мен келгениме 2жыл болду озгоргон жокмун наборот ичим ачышып жардам берсем деп турам бул мактанган эмес,Кайсы жумушка барба жаны келген адамды сооозсуз нары туртот бери туртот баткырбайт асмандан тушуп эле ошол жумушка жайланып калгандай жакшы мамиле кылбайт мурунтан иштегендер,начар аялдар коп!
09.01.2019. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
19-01-2019 17:48
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чындык ушул кыз тарапта болушу толук мүмкүн.Себеби келгенине эми гана 2 ай болсо ким эмне жумуш берсе иштей бересин биринчи барганыңда.Көпчүлүк кыздар Москвага келгенине 1 жыл болуп 2 ооз орусча үйрөнүп алса болду экен тим эле Москваны куруп койгонсуп жерде эмес асманда болуп калышат экен өз көзүм менен көрүп аябай таң калдым ушунчалык зээним кейиди.Кыздар мурунку чокоюңарды унутпагылачы,адамкерчиликтүү болгулачы колуңардан келсе жардам бергиле ал сөзсүз кайтат .Колуңардан келбесе зыян бербегиле
09.01.2019. 15:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
19-01-2019 13:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+1
Мнеге кылмышкердин атын фотосун чыгарбайт
09.01.2019. 15:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
18-01-2019 01:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Памирлик Тажиктер Озбектер аябай бирибирине подержка беришет,Биздин Кыргыздар ушунчалык ичи тар мерез 1го жакшылык каалабаган жумушта жаны келгендерди баткырбай,менеджерге жамандап, озуну жакшы корсотуу максаты, толка озум болсом, мени жакшы десе, мен иштесем, мен 1чи болсом, деген бир балээге калган уят уят качан онолобуз айланайын Кыргыз кыз келиндер тарбия коргонсунбу деги? Эмне мынча ыплас болуп кеткенсинер Москва бууут кыз келиндер адамгерчилиги жок тарбиясы жоктор 80%ээлеген,уяты жоктор!!!
09.01.2019. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
18-01-2019 01:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылмышкер кыздын фотосу менен чыгаргыла Эл билесин уксун кылган жазасын тартсын уят болсун Элге, баарына Сабак болсун Москвадагыларга 2чи ушундай кылып болуптур ошондо коробуз! Милицияга берсин жабыр тарткан кыз, акчага мас бп кутуруп кеткен козуну ачып кой каматып сал!
09.01.2019. 16:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
25-04-2014
Соӊку аракети:
18-01-2019 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskva
-2
Кыргыз кандай элсиң эч түшүнбөй келем. Эмнеге мынча ичиң таар көрөалбас,канкор ,ууру элсиң???? Албетте Алладан корккон боорукер адамдарыбыз бар бирок аз) Аллахтан баарыбызга ыйман беришин тилейм! Кудайым жазасын берсин.
09.01.2019. 20:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 18:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи москвада ар кандай адамдар бар, озгоруп озун укмуш сезип алгандар да толтура болчу мындан 10-15жыл мурун, артымды карабай качкам, корбогондун коргону курусундар ото коп, азыр Аллага шугур россиянын башка шаарындамын, орусу деле, кыргызы деле жопжонокой адамгерчиликтуу адамдар коп
10.01.2019. 01:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
06-02-2018
Соӊку аракети:
17-01-2019 08:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз ошол учун жарыбай журот
10.01.2019. 01:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
04-09-2016
Соӊку аракети:
19-01-2019 12:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге кыргыздыр озубузду озубуз жаман коробуз, башка улутту сыйлап жатып калабыз? Баардыгы уй булодогу тарбиядан башталаттыр. Бир туугандарым мага начар мамиле кылып, конокко келген балдарды аябай ойнотуп сыйлашат эле. Мен огой болгонсуп. Эми башка улуттарды аябай сыйлайбыз, а озубуздун жердештерди жеп тытып салабыз. Кудай сактай кор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: