super.kg logo
  Саясат  

Жактоочу: "Бизге Өмүрбек Текебаев 2020-жылдан эрте чыкпайт деген сөздөр жетүүдө"

 

"Өмүрбек Текебаев эртең кайра абакка которулушу мүмкүн", - деп бүгүн, 7-январда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Искен Афиджанов билдирди.

Анын айтымында, бул маалыматты ага дарыгерлер айтышууда.

"Биздин эсеп боюнча Өмүрбек Текебаев 20-март күнү жатак абагына которулушу керек. Бирок учурда аны абакта кармоо аракеттери жүрүүдө. Ал нерсени көздөгөндөр экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда иштеген жана азыркы бийликте да иштеп жүргөндөр. Азыр алардын ким экенин ачык айтуудан алысмын. Бирок биздин оюбуз боюнча, учурдагы бийликке ошол адамдар туура эмес маалымат берип жатат. Буга чейин Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана 6 фракциянын лидери ырайым сурап кайрылган арызы канааттандырылбайт. Азыркы президент ага макулдугун бербейт, себеби ага бурмаланган маалыматтар жетип жатат. Бизге Өмүрбек Текебаев 2020-жылдан эрте чыкпайт деген сөздөр жетүүдө", - дейт жактоочу.

Жактоочунун айтымында, Текебаев ден соолугуна байланыштуу дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек. Ага буга чейинки жүрөк жана кан басымы менен байланыштуу оорулары себеп болгон. Ал ден соолугуна байланыштуу абактан ооруканага 13-декабрь күнү которулган болчу.

Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын камалышына негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган. 2018-жылдын 25-декабрында Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайымдуулук берүү өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон болчу.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: