super.kg logo

ЖАМК: "Абактагы Жаңы жыл" деген видео быйылкы майрамда тартылган эмес"

 

"Абактагы Жаңы жыл" аталышындагы интернеттеги видео боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылып, бир нече суроолорго жооп алдык. Мекеменин билдиргенине караганда, аталган видео быйылкы 2019-Жаңы жылда тартылган эмес. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова SUPER.KG'ге билдирди. Абактарда жазасын өтөп жаткан жарандардын телефонду эркин колдонуусу боюнча жана уюлдук байланыштын сигналын басаңдатуучу жабдыктар коюлгандыгы боюнча берген сурообузга төмөнкүдөй жооп алдык.

"Интернетке тараган видео өткөн жылдарда тартылганы аныкталды. Ал жактагы жазасын өтөп жаткандардын фейерверкти телефонго тартып жатканы боюнча ошол мекеменин жетекчилиги тиешелүү жазаларга тартылышкан. Тилекке каршы, бардык эле жаза өтөө мекемелерине уюлдук байланыштын сигналын басаңдатуучу жабдыктарды коюуга каражат жетишсиз. Андай жабдыктар оор кылмыш кылып соттолгон жарандар жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абактарга гана коюлган. Шарт ушундай болуп жаткандыгына байланыштуу абактагы кылмышкерлерди маал-маалы менен текшерип, телефондорун алып турушат. Бирок кайра эле белгисиз жагдайлар менен телефондуу болуп калышат. ЖАМК жаңы мыйзам долбоорлорун сунуштоодо. Анын ичинде уюлдук телефон колдонгон кылмышкерлердин жаза мөөнөтүн узартуу, же аларга телефон катып алып кирип берген эркиндиктеги жарандарды дагы жазага тартуу сыяктуу мыйзам долбоорлорун сунуштап жатабыз", - деди ал.

Эсиңиздерде болсо, SUPER.KG порталынын ЭЛДИК ВИДЕО бөлүмүнө "Түрмөдөгү Жаңы жыл" аталышындагы видео жүктөлгөн. Анда колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар түрмөнүн короосунда Жаңы жылды майрамдап, бири-бирине каалоо-тилектерди айтышат. Мындан соң абактагылар үчүн атайын фейерверк уюштурулганы тартылган. Абактарда жазасын өтөп жаткан жарандарга уюлдук телефон колдонууга тыюу салынганына карабай, алардын көпчүлүгү асмандагы кооздукту телефонго тартып жатканын байкоого болот.



Түрмөдөгү Жаңы жыл

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
Медиа-портал
06.01.2019. 10:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
19-01-2019 16:15
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аиий мен "турмодо отурат" десе эле 4 стенанын ичинде чыкпай отура берет го десем.. булар кенен эле жыргап журушот го.. турмо экени айтылбаса мындай бир двордун адамдары кошуналар го деген деле ой кетет экен.. ниче себе...
Медиа-портал
06.01.2019. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
403
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
16-01-2019 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+4
Мынакей кыргызстанда закон кандай иштейт ушундан билсек болот, турмого кайдан кирди салюттар албетте турмонун жетекчисинин ооздоруна акчадан тыгып туруп киригизет.
fanatka19 түзөттү 2019-01-06 12:17:42
07.01.2019. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
31-03-2014
Соӊку аракети:
19-01-2019 14:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Ал кезде телефон колдоно беришчу бекен ээ? Тапкан шылтоолорун...
07.01.2019. 22:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
18-01-2019 23:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
-1
Абактагылар телефон колдонот керек болсо эн кымбатын которот. Кундо кезектешип карап турушат,кызматкерлердин бироо келатса тигелерге белги берет телофондорду каткыла деп.
08.01.2019. 00:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
18-01-2019 01:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Какая разница, 2019-жылбы, 2018-; 2017-; 2016-жылбы, айтор абакта болгон окуяда!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: