super.kg logo
  Спорт  

Азия Кубогу: Кыргыз улуттук курама командасы Кытайга жеңилип калды. Павел Матяш 2 жылдын ичинде 4 жолу ката кетирип, команданын үмүтүн актабай жатат

 

Бүгүн, 7-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Кыргыз-Кытай беттеши орун алууда.

Беттеш Халифа Бин Зайед атындагы стадиондо өтүп жатат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө старт алат.

16:30. Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Оюн талаасына алгачкы мүнөттөрдө төмөнкү 11 оюнчу чыгат.

Дарбазачы: Павел Матяш;

Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго;

Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхардт, Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Ахлидин Исраилов;

Чабуулчулар: Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев.

16:50 Командалар оюн талаасына чыгууга даяр болушту. Беттеш 10 мүнөттөн кийин башталат.

16:53. Командалар оюн талаасына чыгышты. Кытай курама командасы кызыл формачан болсо, Кыргыз футболчулары ак түстөгү формачан.

16:55. Кытай өлкөсүнүн гимни жаңырууда.

16:57. Кыргыз мамлекетинин гимни жаңырып, беттеш башталуу алдында турат.

16:58. Белгилей кетсек, бул беттеште эки мамлекеттин тең күйөрмандары бар. Кыргыз күйөрмандардын саны 100дөн ашат.

16:59. Беттештин башкы калысы Бириккен Араб Эмираттарынан Мохаммед Абдулла Хассан болот.

17:00. Калыс ышкырыгы менен беттешке старт берди. Топту оюнга Кытай курамасы кошту.

17:01. Алгачкы чабуулда Виталий Люкс дарбазачы менен бетме-бет келүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бирок Люкс ага узатылган топко жетпей калды.

17:04. Кытай командасынын оюнчулары оюн эрежесин бузушту. Топ кыргыз футболчуларында.

17:05. Бекжан Сагынбаев эсеп санын ачууга жакын болду. Мурзаев Бекжанга топту чыгарып берип, Сагынбаев сокку узатууга жетишпей калды.

17:08. Кытай курама командасы чабуулга чыгып, сокку узатканга чейин барды. Бирок Павел Матяш топту тосуп алды.

17:14. Кыргыз курама командасы уламдан-улам чабуулда мыктылыгын көрсөтүп жатат. Сагынбаев, Мурзаев, Жыргалбек уулу жана Люкс соккуларды узатканга үлгүрүп, бирок таамай боло алышкан жок.

17:15. Мирлан Мурзаевге каршы оюн эрежеси бузулуп, Кыргыз курамасы айып сокку аткарат.

17:17. Кичин мыктылыгын көрсөтүүдө. Дарбазаны сак калтыруу максатында өзүн аябай денеси менен соккуларды тосуп алууда.

17:22. Фархат Мусабеков дарбазанын жанында атаандашынын чабуулун токтотуп койду. Бирок топ азырынча Кытай тарапта.

17:23. Тэго топту эреже бузбай алып койгону менен, кытайлык футболчу жерге кулап айып сокку талап кылууда.

17:24. Оюн уланды. Топ кыргыз футболчулардын карамагында калып, чабуулга чыгууда.

17:26. Виталий Люкс мыкты мүмкүнчүлүктү колунан чыгарды. Мирлан Мурзаев айып аянтчанын ичине топту өткөрүп берип, дарбазачы менен бетме-бет чыккан Люкс таамай боло алган жок.

17:30 Кытай курамасынын оюнчулары 2 ирет кооптуу чабуул жасаганга жетишти. Чабуулдары сокку менен аяктаганы менен, таамай болгон жок. Азырынча кыргыз футболчулары ийгиликтүү чабуулга чыга албай жатышат.

17:33. Кыргыз футболчулары чабуулга чыгып, топту бурчтан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

17:34. Бурчтан көтөрүү ийгиликсиз болуп калды. Топ Кытай курама командасынын карамагына өттү.

17:35. Оюндун орто бөлүгүндө Фархат Мусабековго каршы оюн эрежеси бузулду.

17:38. Кайрат Жыргалбеков оң канаттан чабуулга чыгып, топту айып аянтчага көтөрүп берди. Топко алгачкылардан болуп Бекжан Сагынбаев жетти. Ал топту Люкска чыгарып, таамай боло албай калды.

17:42. ГОООООООООООЛ!!!!! Эсеп саны 1:0. Ахлидин Исраилов Кыргыз курама командасын алдыга чыгарды.

17:43. Виталий Люкс дарбазачы менен бетме-бет келип, таамай боло албай калды. Люкс жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды.

17:44. Мирлан Мурзаев сол канаттан топту кабыл алып, бирок офсайд абалында болуп калды.

17:45. 1-таймдын негизги убактысы аягына чыгып, калыс дагы 1 мүнөт кошуп берди.

17:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, алгачкы тайм аягына жетти. 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин 2-тайм башталат.

18:01. Беттештин 2-таймы башталды.

18:03. Мирлан Мурзаев топту орто бөлүктөн алып, алдыдагы Виталий Люкска өткөрүп берген, бирок Люкс топко жетпей калды.

18:04. Кайрат Жыргалбек уулуна каршы оюн эрежеси бузулду. Кыргыздар айып сокку аткарат.

18:05. Айып соккуну Бернхардт аткарып, анын чыгарып берүүсү таамай болбой калды. Кытай курамасы чабуулда.

18:06. Кытай курама командасы бурчтан көтөрүү мүмкүнчүлүгүн алды.

18:07. Гол! Эсеп 1:1. Бурчтан көтөрүлгөн топту Павел Матяш айып аянтчадан чыгарам деп өз дарбазасына киргизип алды.

18:09. Эсеп саны тең болгондон кийин кыргыз футболчуларынын оюну бузулуп жатат. Чабуул жана коргоо бөлүктөрү ийгиликсиз болууда.

18:12. Жыргалбек уулу оюн эрежесин бузуп, сары айып кагаз менен белгиленди.

18:14. Кытай курама командасы айып соккуну аткарып, кооптуу соккуну Матяш тосуп алды.

18:15. Кытайлыктар оюн эрежесин бузду. Бернхардт айып сокку аткарат.

18:16. Бернхардттын чыгарып берүүсүнө чуркап барган кыргыз футболчулар офсайд абалына түшүп калып, топ кытайлыктардын карамагына өттү.

18:17. Кыргыз курама командасында оюнчулар алмашты. Исраиловдун ордуна оюнга Антон Землянухин кошулду.

18:19. Кытайлыктар кооптуу чабуул жасоого үлгүрүштү. Кытайлык футболчунун соккусу тактанын үстүнөн өтүп кетти.

18:20. Виталий Люкс сол канаттан чабуулга чыгып, топту айып аянтчага көтөрүп берди. Топ Землянухинге жетип, анын узаткан соккусу таамай болбой калды.

18:27. Кытай курама командасы уламдан-улам чабуулдарын курчутуп, эсепти өзгөртүүгө жакындап жатышат. Азырынча Кытай курама командасынын оюнчуларынын соккулары таамай болбой жатат.

18:28. Матяш дагы бир ката кетирип, Кытайга жардам берип коё жаздады.

18:34. Гол! Кытай курама командасы эсепти 1:2 кылып кетти. Ю Дабао Матяшты алдап өтүп, таамай сокку узатууга үлгүрдү.

18:36. Кайрат Жыргалбек уулу чабуулда топту жоготуп, кытайлыктар контр-чабуулга чыгышты.

18:37. Бул беттешти көрүү үчүн стадионго 1700дөн ашуун күйөрман келгенин АФКнын өкүлдөрү маалымдады.

18:40. Кытай курама командасынын оюнчулары убакытты чоюуда. Кытайдын оюнчусу медициналык жардам сурап оюн талаасында жатат.

18:44. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Виталий Люксту Эрнест Батырканов алмаштырды. Бернхардтты Азиз Сыдыков алмаштырды.

18:45. Кытай курамасында дагы алмашуу орун алууда.

18:48. Беттештин негизги убактысы аяктап, калыс 5 мүнөт кошуп берди.

18:52. Акыркы мүнөттөрдө Кыргыз курама командасы эсеп санын өзгөртүүгө аракет кылган жок.

18:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Кытай курама командасы 1:2 эсебинде жеңишке жетти.

18:54. Бул оюнда Павел Матяш катачылык кетирип, өз дарбазасына гол киргизип алды. Белгилүү болгондой, буга чейин 2017-жылы Матяш Мьянмага каршы беттеште жана 2018-жылы орун алган Японияга каршы беттеште ушул сыяктуу гол өткөргөн.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(54)
07.01.2019. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 09:27
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эсеп теңелди тилеке каршы
07.01.2019. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
13-02-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 08:38
Жынысы:
Белгисиз
-2
Матяшдан башка дарбазачыбыз жок эмне кылганы ал
07.01.2019. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
18-07-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 04:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткенстан
0
Ulik-real,кашуба деле болот эле
07.01.2019. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
23-01-2019 09:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан алга, 1000 сом ставка койгом утсун биздин команда деп, тиленип көрүп олтурам.
07.01.2019. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
21-06-2016
Соӊку аракети:
24-01-2019 08:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+7
Матяш дайыма ката кетирет.Кашубаны чыгарса жакшы болмок
07.01.2019. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
12-04-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Ак Шумкарлар азаматсыңар биринчи голду Кыргыздар гол кылды
07.01.2019. 18:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
12-04-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
неге Исраиловту чыгарды көрбөй калдым
07.01.2019. 18:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
04-10-2017
Соӊку аракети:
08-01-2019 19:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи суротто эки кытай желегин койуп койгонбу
07.01.2019. 18:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
13-02-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 08:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
Матяшды жоготкуло срочно болбойт
07.01.2019. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
14-09-2017
Соӊку аракети:
08-01-2019 13:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
Емнеге кыргызстан дайым 2 таймда ойнобой койушат 1 тайм да ото катуу ойношот акырына чейин бирдей ойнобойт
07.01.2019. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
24-01-2019 02:19
Жынысы:
Белгисиз
+5
japarov,физический ото начар,чарчап калат чалдар
07.01.2019. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
10-01-2019 12:34
Жынысы:
Белгисиз
+4
Э ошо дарбазачынын.........
07.01.2019. 18:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
24-01-2019 02:19
Жынысы:
Белгисиз
+5
Короче биздин игроктор аракет кылып ойногону менен,технический брак ото коп,пас ойношту билбейт,физический да начар экен.Вратарь ото грубый ошибка кетирди.Жашыраак техничный,прыгучий вратарь жокпу бизде?Копчулугу уже чал болуп калыптыр.Мындай кетиште группадан чыгыш ото кыйын!!!(((
07.01.2019. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
23-04-2016
Соӊку аракети:
24-01-2019 01:10
Жынысы:
Белгисиз
-6
Dembele84,сен болсон кыйратат белен уйдо отуруп алып баатыр боло бербечи ак шумкарлар баардык жагынан мыкты болду бир гана сары шумкар матияш ото чон ката кетирди чыкканда эле коркуп турат элем ката кетирбесе экен деп кийинки оюнга болду чыкпайт го озу деле картайды го кетириш керек
08.01.2019. 00:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
24-01-2019 02:19
Жынысы:
Белгисиз
0
arawan,Сен жон эле лаулдаганын менен факт есть факт,тытышып отургандан башта ойлонуп жаз!!!
07.01.2019. 18:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
14-09-2017
Соӊку аракети:
08-01-2019 13:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайга алы жетпей калды кореюга жетпейтко дейм
07.01.2019. 18:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
22-01-2019 15:09
Жынысы:
Белгисиз
0
алдащып эле журо берет тики така кана матияж ххххх
07.01.2019. 18:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
01-07-2013
Соӊку аракети:
23-01-2019 22:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер жакпай калдынар
07.01.2019. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
648
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 23:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Матяжды срочно алмаштыруу керек
07.01.2019. 18:56 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
07-12-2018
Соӊку аракети:
22-01-2019 03:50
Жынысы:
Белгисиз
+4
Матяш ды алмаштырыш керек екен дайым ката кетирет
07.01.2019. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
28-09-2017
Соӊку аракети:
24-01-2019 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дарбазачыңарды алмаштырып алгылачы
07.01.2019. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 09:27
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дарбазачынын катасынан улам жеңилди. Канча күн зарыгып күттүм эле, маанайды талкаладыңар. Үмүттү актабадыңар Матяш эмки оюунда чыкпай эле койчу
07.01.2019. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-06-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дарбазачы олтурду эки жолу тен, алмаштыруу керек
07.01.2019. 19:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 07:18
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дарбазачыга чара корбосонор болбойт, кетиргиле.
Мамлекеттин атынан чыккандан кийин жоопкерчилик болуш керек да.

Матьяш сени Кыргызстан эли кечирбейт!
Люхту да жоготкула, озу тебе албагандан кийин башка оюнчуга пас бериш керек.
Ysakov_Nur түзөттү 2019-01-07 19:17:55
07.01.2019. 19:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
581
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 09:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
-2
Эзилбегилечи! Дарбазаны ачык калтырып кытайды киргизген жарым коргоочуларда да куноо бар!Коп эле соккулардан сактады Матяш.Футболчу катачылыктар менен кийинки оюнга бышат!
Бир гол деле жетишкендик!
Ким билет Матяштан башкасы чыкканда канча гол киргизмек!?
Кыргызстан Кытай менен татыктуу оюн откорду
07.01.2019. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-01-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак шумкарлар мыктысыңар
Бирок дарбазачыдан башкасы мыкты оюн көргөздү
Эмки оюнда Матьяш оюнга чыкпай эле койсун
07.01.2019. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
28-05-2015
Соӊку аракети:
24-01-2019 08:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
-1
Вратарьдан Ошибка кетти бул вратарьды кийинки оюндарга чыгарбай коюуш керек Егер чыкса дагын утулат мени айтты дейсинер вратарь өлүп еле кал өзүно өзүн
Гол салгандан көрө
07.01.2019. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
22-10-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 18:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Матяш дайыма көп ката кетирет башкы машыктыруучу дарбазачы тарапты ойлоп койсо болмок.Негизинен жакшы ойношту ак шумкарлар
07.01.2019. 19:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
08-11-2013
Соӊку аракети:
24-01-2019 09:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Уят эле озуно озу гол киргизген
07.01.2019. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
21-06-2016
Соӊку аракети:
24-01-2019 08:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
0
Виталий Люкстун буту топко тийбей,жон эле чуркап журот,2-3 шансты текке кетирди. Люкс кийинки оюнга чыкпай эле койчу
07.01.2019. 22:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
11-09-2017
Соӊку аракети:
24-01-2019 07:15
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи женилуу эмес.дагы ак шумкар имиш.
Кыргызстандын оюнуна бир да конулум толо элек .эмикиде Корея ясайт
08.01.2019. 00:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
24-01-2019 05:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин оюнчулар не корушпойбу эки капталда бош турса кайра ортодогу кытай коргоочу тебетда топту. Контр атакасы жакшы но бл. башты иштетишпейт экен ХХХ тебе беришет экен алды каптал жака бербей.
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-01-08 08:44:29
08.01.2019. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 09:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин оюунчулардын формасыда өтө жупуну көрүнүп калыптыр. Мурунку өздөрүнүн эле формасын кийсе жакшы болмок. Мен Ак Шумкарларды ошол ак кок түстөгү формасы менен гана элестете алам.
08.01.2019. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
20-08-2016
Соӊку аракети:
17-01-2019 03:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Leilek_Margun
-1
Кашуба дарбазаны соонун эле коргоп бермек да. Матяш коп ката кетирип атса дагы эмнеге чыгарып атасынар. Болгондо да АФК кубогунда.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: