super.kg logo

Бишкекте митингге чыккандар талаптарына бийликтен жооп болбосо 17-январда кайрадан топтоло турганын айтып тарап кетишти

 

Бүгүн, 7-январда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтына 200 чакты адам митингге чыгышкан. Алар түрдүү талаптарды айтышкан. Айтымдарында, алардын талаптарынын бири - "Кытайда кыйноого кабылды" делген кыргыз жарандарына карата бийлик аракет көрүшү керек. Мындан тышкары өлкөгө кирген Кытай жарандарына чектөө киргизүү.

16:42. Учурда топтолгондор митингди жөө жүрүш менен улантып, КТРКга багыт алды. SUPER.KG порталы митинг тууралуу маалыматтарды берип турат.

16:50. Учурда топтолгондор Жаш Гвардия бульвары менен бара жатышат. Жүрүш түрдүү кыйкырыктар менен коштолууда.

16:59. Топтолгон элдин басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Алардан тартип сакчылары чогулгандарынын себебин тактоодо. Топтолгондордун арасында өспүрүмдөр да бар, милиция кызматкерлери мындай нааразычылык митингдерине жашы жете элек балдарды аралаштырбоону айтты.

17:07. Нааразы болгон эл КТРКнын алдына жетип токтошту. Катышуучулардын бири талаптарды тизмектеп, кол топтоп бийликке кат аркылуу жөнөтүүнү сунуштады.

17:19. Нааразычылык митингине чыккандар КТРК аркылуу пикирин айтууну талап кыла турганын айтышууда.

Алардын талаптары: Кытайдагы Кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз жарандык алган кытай жарандарын депортациялоо, КТРК митингге чыккандардын талаптарын так, толугу менен бийликке жеткирүү, Кыргыз жерине келген Кытай жарандарына чектөө киргизүү.

17:22. Коопсуздукту коргогон кызматкерлердин саны 30га жетти.

17:40. Митингчилер менен жолугуу үчүн КТРКнын жетекчиси чыкты. Учурда эки тарап эфир тууралуу сүйлөшүүдө. Илим Карыпбеков КТРКнын эрежелерине ылайык, азыркы учурда аларды түз эфирге чыгара албай турганын айтты. Бирок митингдин катышуучуларынын үнүн жаңылыктар берүүсү аркылуу бийликке жеткирүүгө убада берди.

17:45. КТРКнын алдына топтолгондор бүгүнкү талаптарына бийлик тараптан жооп болбосо кайрадан 17-январда топтоло турганын айтышып тарап кетишти.


кошулду


Кытайлык мигранттарга каршы чыккан митингчилер бийликке эки талап койду

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
07.01.2019. 17:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
12-01-2019 12:47
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эгер Кытай границасын, Казакстанга окшоп жаап койсо эл абдан эле кыйналып калышы мумкун. Ушуну ойлонуш керек.
08.01.2019. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
480
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
23-01-2019 15:36
Жынысы:
Белгисиз
0
yrmat88,Ал жагы туура. 17-январда кайрадан митинг боло турган болсо Кой-Ташта өтүшү керек. Анткени Кытайга карыз кылып, аларга көз каранды кылган Атамбаев!
07.01.2019. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
22-01-2019 20:19
Жынысы:
Белгисиз
-7
Митингге пок барбы футбол көргүлө
08.01.2019. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
480
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
23-01-2019 15:36
Жынысы:
Белгисиз
0
NURSAPAR,Туура айтасын! Булар Атамбаевдин тактикасына ойноп жатат
07.01.2019. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
22-01-2019 20:19
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргызстан ойноп жатат
07.01.2019. 18:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
05-06-2013
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:50
Жынысы:
Белгисиз
+9
100% колдойм! Кыргыз жеринен мыйзамсыз жүргөн кытайларды кетириш керек! Ойгон кыргыз!
07.01.2019. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
24-01-2019 00:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+5
Кытай границаны жапса эмнеге кыйналмак элек алардан алган баардык товарларды башка олколордон деле алып келсе болот же Кытайлар элде жок товар сатабы бизге
07.01.2019. 21:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+3
Мыйзамсыз жарандык калган Жана ошондой эле мыйзамсыз иштеп жаргон кытайдарды бут депорт кылыш керек. Кытай жмес озубузго иш жокто жепжутаттар кытайдын созун суйлоп жатат
08.01.2019. 09:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды кытайлар багып жатат. Бирок биз баарын мыйзам чегинде иш алып барсак эч кандай жоготуу болбойт. Өкмөт кытайларды калкалап жаткан деле жери жок. Митинчилерди атайын бирөөлөр дүрбүтүп жатат.
08.01.2019. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерде комментарий жазып отурган хххххх да кытайга кошуп кууп чыгыш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-08 09:38:10
08.01.2019. 09:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерге дагы кандай далил керек кытайлар эшиктен келип төрү биздики деп кыргызстанда кыргыздарга кордук көрсөтүп жатышат пычактап кескилеп деле ойношту го бийлик ар бир кытайдан канча$дан алып атканын билбейт окшойсуңар 37000кытайга пок барбы? жылына ошончо кирип отурса 5жылда булар келип жайланышып үйлөнүп алып 5жылда 5млн болуп кетишет.
08.01.2019. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды кытайлар багып жатат. Бирок биз баарын мыйзам чегинде иш алып барсак эч кандай жоготуу болбойт. Өкмөт кытайларды калкалап жаткан деле жери жок. Митинчилерди атайын бирөөлөр дүрбүтүп жатат.
08.01.2019. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайларга карыш чыккандарды менимче Атамбаев баштаган саясатчылар азыркы бийликти жаман көрсөтүү үчүн ушуну ойлоп таап жатат. Эч кандай кытайлар каптаган жок. Далили жок маалымат тарап жатат.
08.01.2019. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
25-04-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
0
кытайга турмушка чыгам деген кыздарды жарандыгынан чыгарып малыш керек, кече уктум бир Алайлык кызкытайга тиет экен жакында
08.01.2019. 23:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
11-01-2019 21:34
Жынысы:
Белгисиз
0
"жеп ичкичтерди кустуруп" сырткы карыздан кутулууга болот. Бизде элдин эсебинен байыган "долларовый мультимиллионерлер" бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: