Украина курамасынын машыктыруучусу Андрей Шевченко: "Роналду менен "Ювентус" Чемпиондор Лигасын утушу мүмкүн"

"Криштиану Роналду менен "Ювентус" Чемпиондор Лигасын утушу мүмкүн". Мындай пикирин "Милан", "Челси" клубдарынын мурдагы оюнчусу, Украина курама командасынын учурдагы башкы машыктыруучусу Андрей Шевченко билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Шевченконун айтымында, Роналду ар дайым анын жакшы көргөн оюнчусу болгон.

"Албетте, "Ювентус" Чемпиондор Лигасын утушу мүмкүн. Айрыкча Криштиану Роналду менен. Бул футболчу "Ювентуска" жетишпей келген. Мен ар дайым анын күйөрманымын. Роналду эмгекчил, таланттуу футболчу. "Ювентус" буга чейин да күчтүү болгон. Бирок азыр ал Чемпиондор Лигасындагы фавориттердин бири", - деген Шевченко.

Роналду "Реал Мадридден" "Ювентуска" 2018-жылдын жай мезгилинде өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antalyamanavgat
2019-01-08 10:15:33
Сайган голу деп катуу жазыпсынар го баса белгилеп
+4
Beku09
2019-01-08 16:29:30
Балким киргизген голу..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан