super.kg logo

УКМК: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллардан ашык зыян келтирилген"

 

Бишкек ЖЭБдеги модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганын УКМКнын басма сөз кызматы 8-январда кабарлады.

Анда тергөөнүн жыйынтыгында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийликтеги ыйгарым укуктарынан пайдаланып кытайлык TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келбеген келишим түзгөнү аныкталган.

Анын жыйынтыгында мамлекет жалпы 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан. "Тактап айтканда, 2010-жылдын февраль айында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Байланыш кызматынын жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселеси каралып, Дүйнөлүк банк 150 миллион доллар жана ТВЕА компаниясы 200 миллион доллар сунуш кылган. Жыйынтыгында ТВЕА компаниясынын сунушун кабыл алуу боюнча чечим чыккан.

Бирок Сапар Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда долбоорду ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алып, 386 миллион долларга бааланган долбоорду ишке ашыруу укугун ТВЕА компаниясына берген. Бирок ТВЕА компаниясынын бул багытта тажрыйбасы жоктугуна көңүл бурган эмес. Долбоорду ишке ашырууга коротулчу акча Кытайдын ЭКСИМ Банкынан насыя катары 2 пайыз жылдык үстөк менен 20 жылга алынган. Насыя 2014-жылы алынып, андан бери Кыргыз өлкөсү Кытайга 22 миллион 814 миң 328 долларды төлөп берди", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда айыпталуучулар жана алардын жактоочулары козголгон кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатышат. Алар таанышып чыккан соң материалдар Башкы прокуратура менен сотко өткөрүлүп берилет.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
08.01.2019. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
587
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
19-01-2019 16:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи эле бир кездерде бийликте иштеп кеткендердин баардыгынын орду турмодо тандабай баарын соттогула Атамбаев Жээнбековту дагы соттогула а то адилетсиз болуп калат
08.01.2019. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 11:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
TalaCSKA,АШАны Бишкек ТЭЦиндеги авария, Дача-СУдагы “сырдуу жүк” сыяктуу иштер уктатпай жатканы жашыруун эмес. Дал ушул ТЭЦти оңдоо ишине аралашып, акыркы 6 жылда Атамбаевге жана анын шоопуруна таянуу менен чоң кызматтарда жүргөн Аскарбек Шадиевдин байлыгы ачыкка чыкты. Бул көрүнүш элдин эсин оодарды десек болот.
08.01.2019. 16:28 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 18:37
Жынысы:
Белгисиз
-3
Erik2018,Сен эмне Кара-Кулжадан болосунбу?А эмнеге Шадиевди качырып жиберишти?Нью-Йоркто элдин акчасына чардап журот да.
08.01.2019. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
374
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
19-01-2019 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Skarlett-Skarlett, эми боозуп алып деле Кара Кулжалыктар күнөөлүү дей бер хе хе
08.01.2019. 17:50 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 18:37
Жынысы:
Белгисиз
-1
Take_men,Турмуштун эмнеси жакшырды?Коррупционерлер митедей болуп кайра кобойуп жатат.Кана эмне озгорду бир жылдан бери?!Оштун баары МВД Кара-Кулжалыктар отурушат.СНБ,Горсуд,деги эле койчу баарында.Карга карганын козун чукубайт болушуп
09.01.2019. 08:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
13-01-2019 23:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Skarlett-Skarlett,Адам жашоосун озгорткусу келсе озу жакшылап аракет кылыш керек,президент деле аракет кылып жататго болушунча эле,аракет калгандар соонун эле жашап атышат,жалкоолор журбойбу баарын президентке шылтап коюшуп .
08.01.2019. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
10-01-2019 12:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кустурсун эми камабасадагы
08.01.2019. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 11:36
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЭЦти оңдоону Атамбаевдин кадрлары ишке ашырды, алар бүгүнкү күндө да иштеп жатат. Ал жерде авария болгондон кийин коррупциялык иштер калкып чыкты. Эми күнөлүүлөрдүн баары ачыка чыгыш керек. Ошондо кимдин уурдаганы ачыкка чыгат.
09.01.2019. 14:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
19-01-2019 18:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары мен жеген эмесмин дешет,анан ким жеди башка планетадан келип жеп кетишдиби.Атамбаев менен Исаков точно бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: