super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?

 

1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.

Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.

Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы-жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.

Коомчулукта орун алган талкуулардан улам SUPER.KG порталы "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" - деген собол салды.

БАКИРОВ: “Кодексти колдойм, бирок айып пулдардын көлөмү боюнча маселе бар”
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бул мыйзам долбоору өкмөт тарабынан сунушталганын белгиледи.
“Бул мыйзам долбоору бардык мыйзам чыгаруу процедураларынан өткөн. Коомдук талкуу, коомдук угуулар болгон. Мындайча айтканда, кандайдыр бир кайчы пикирлер болгон болсо ошол учурда айтылышы керек болчу. Мыйзам күчүнө киргенден кийин ар кандай пикирлер айтылып жатат.
Бизде реалдуу абалды карашыбыз керек. Коомчулукта тазалык, тартип, маданият болсо, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым болот. Мүмкүн, орточо эмгек акыга же жашоо минимумун салыштырганда айып пулдун көлөмү көбүрөөк. Биринчи эскертүү, андан кийин минималдык айып пул, кийинкиси катуураак жаза деген жол менен кетсек кодекс иштеп кетмек.
Бул кодексти колдойм. Бирок айып пулдардын көлөмү боюнча маселе бар экендигин депутат катары айтып кете алам. Менин оюмча, Жогорку Кеңеште жумуш күндөрү башталганда маселе талкууга алынып, кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк болот”, - дейт Бакиров.
ЖЭЭНБЕКОВ: “Киргизилген айып пулдардын көпчүлүгү жакынкы убактарда элдин нааразычылыгынан улам артка чакыртылып алынышы мүмкүн”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков айып пулду жогорулатуу үчүн алгач бийлик бир нече кадамдарды ишке ашырышы керектигин айтты.
“Адатта мындай чоң көлөмдөгү акча коомго салынып жатканда өкмөт биринчи кезекте инфраструктура түзөт. Экинчиден, коомго түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Үчүнчүдөн, ошол чогултулуп жаткан акчаны алуу, топтоо механизмдерин ачык аныктайт. Анткени азыр ошол акчаны алып жаткан милиция, соттун өкүлдөрү коррупциялашканын биз баарыбыз билебиз да. Мына ушулардын баарын жасап туруп, андан кийин ишке ашырса, бул туура эле идея болмок. Алардын баары жасалбай туруп, жөн гана акчасын көтөрүп коюп коомду ошол аркылуу тарбиялап, тартипке чакырабыз дешсе, анда бийлик, өкмөт жаңылышат. Ал сөзсүз элдин нааразычылыгына алып келет. Киргизилген айып пулдардын көпчүлүгү жакынкы убактарда элдин нааразычылыгы менен артка чакыртылып алынышы мүмкүн”, - деди Жээнбеков.
САСЫКБАЕВА: "Айыптар аркылуу эл көйгөйгө көңүл бурду, бирок демилгени ишке ашыруу кыйын болот"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жарандардын жүрүм-турумун көзөмөлдөөчү эрежелер менен кошо башка орчундуу көйгөйлөр бирдей чечилиши керектигин айтты.
"Айыптардын болгону бир чети туура. Аларды койбосо эл бул маселеге көңүл бурбай келет, бирок өлчөмү аябай көп деп айтып жатышканы да туура. Айып салганга чейин алдын ала бир айлык жарыялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө болмок. Түкүрүү тууралуу айтканда гигиена, оорулардын тарап жатышын эске алсак болмок. Эл арасында бийликке нааразычылык болот. Анткени азыр бийликке ишеним жок болуп жатат. Дароо эле 5500 сом дебей, 1000 же 2000 сом дешсе болмок. Эл талкуулап жатса, демек, бул маселени эл ойлонуп жатат. Бул нерсе өлкөдөгү башка орчундуу көйгөйлөр менен бирдей чечилиши керек. Жалпысынан демилгени ишке ашыруу жеңил болбойт, бирок айып салуудан башка ММК аркылуу, мектеп, окуу жайларда, өзгөчө телеберүүлөр аркылуу көп иш-чара өткөрүү абзел", - деди Асия Сасыкбаева.
КАДЫРБЕКОВ: “Колунда бар мүмкүнчүлүктөрдү аткарбай туруп, жаңы милдеттерди ала берсе бийликке элдин ишеничи кетет”
Саясат таануучу Даниел Кадырбеков бийлик алгач моюнуна жүктөлгөн кызматтарды аткарып алышы керек эле дейт.
“Күчтүү мамлекеттик машина, күчсүз мамлекеттик машина деген түшүнүк бар. Эгер күчсүз мамлекеттик машина болсо коопсуздук, медицина, билим берүү сыяктуу кызматтарды сапаттуу жеткире албай туруп, жаңы ыйгарым укуктарды өзүнө жүктөй берет. Бул менен ал аброюн, имиджин түшүрөт (дискредитацияланат). Колунда бар мүмкүнчүлүктөрдү аткарбай туруп, жаңы милдеттерди ала берсе бийликке элдин ишеничи кетет. Шаарда канча адам түкүргөнүн кантип тескейсиң? Ар бир адамдын артынан бирден милиция кызматкерин ээрчитип жүрүш керекпи же? Мындай айып пулду эртерээк киргизип койду деген ойдомун. Буга чейин базалык кызматтарды аткарып бүтүшү керек эле”, - деди ал.

КАРАСАРТОВА: “Бул реформа өкмөттүн шаштысын кетирип, бул иштин кереги жок экен дегенге чейин жетиши мүмкүн”

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында бийлик айып пулдарды көтөрүүдөн мурда анын аткарылышы тууралуу комплекстүү иштерди жасаган жок. Муну өкмөт моюнуна алышы керек экенин айтты.

“Айып пулга жыгылган ар бир адамдын нааразычылыгы пайда болот. Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан айып пулдарды өстүргөнүн моюдарына алышы керек. Жол эрежесиндеги айып пулдар кантип далилденет? Ошондой эле кайсы автоунаа кандай жол эрежесин бузганы боюнча аныктоо иретинде камераларга түшкөн сүрөттөр болушу зарыл. Эгерде жол эрежесин көзөмөлдөөчү камералар толук коюлбаса, бул мыйзам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин чөнтөгүнө иштеп калат.
Бүгүнкү күндө камералар жаңы коюла баштады, бирок бул иштин аткарылышында бир топко чейин баш аламандык болот. Ал эми баш аламандык деген – бул коррупция. Бардык аймактарга видеокөзөмөл камераларын орнотуп бүтмөйүнчө өкмөт бул реформанын кереги жок экен дегенге чейин жетиши мүмкүн. Ар бир реформада чечкиндүү кадам болуп, бир топ ишкердин шаштысын кетирет. Мындай көрүнүш бүт эле мамлекеттерде бар. Иш канчалык деңгээлде жолго салынат, бул азыркы өкмөттүн жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Эгерде өкмөт коомго пайдасы жок иштер менен алектенсе, бул реформанын бардыгы артка кетип, келечеги жок болот”, - деди Карасартова.

ОШУРАХУНОВА: “Бийлик баарын жоопкерчиликке тартып, агартуу иштерин өткөрбөсө конфликттер чыгат”

Укук коргоочу Динара Ошурахунова киргизилген өзгөртүүлөр эффективдүү болобу же болбойбу дегенди кароо зарыл экенин айтты.

“Коомчулукта эки пикир жаралып жатат. Биринчи тарап “айыптар менен эрежелерди бузганды токтото алабыз” деп айып пулдун жогорулаганын колдоп жатат. Ал эми экинчи тарап “элдин жашоосу начар, андай акчасы жоктор эреже бузганда айып пулду төлөбөй коюп, бул конфликтке алып барат” деп айтышууда. Эки пикир тең эске алынышы керек. Көңүл бурбай коюуга болбойт. Бийлик баарын жоопкерчиликке тартып, агартуу иштерин өткөрбөсө конфликттер чыгат. Мисалы, айып пулдардын баасын көтөрүп койгон менен, жол коопсуздук кызматкерлери эрежелерди жакшы билбесе, эмнеге айдоочуну токтотконун так айтып бере албаса чыр чыгат. Ошондуктан өкмөт агартуу иштерин жүргүзүшү зарыл.
Бийлик адамы эреже бузуп кармалып калса, ага дагы ошондой эле жоопкерчилик каралабы? Ошондой эле жоопкерчиликке тартылабы? Бир адамга мыйзам иштеп, экинчисине иштебесе реформа токтоп калат”, - деди Ошурахунова.

ТУРДУКУЛОВ: “Чийки мыйзамдар чыга берсе элдин нааразычылыгы көбөйүп, өсөт”
Жарандык активист Адил Турдукулов айып пулдардын өсүшү элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүн деген ойго кошула турганын билдирди.
“Менин оюмча, бул жерде эң негизги күнөө Жогорку Кеңеште. Анткени парламенттин ичинде бул долбоор талкууланышы керек болчу. Жогорку Кеңештин комитетинде, пленардык отурумда талкуу болушу шарт эле. Мындан тышкары коомчулук менен тыгыз иштеп, алардын дагы үнүн, сунуштарын, сын-пикирлерин угуп, андан соң бул мыйзам кабыл алынышы керек болчу. Андай болбой, бүт процесс формалдуу өткөн. Мындан улам чийки, бышпаган, элге жат болгон мыйзам кабыл алынды. Мындай көрүнүш парламентте көбүнесе элдин көйгөйүн ойлобогон, өзүнүн бизнесин коргоо үчүн келген адамдар гана чогулганын көрсөтөт. Чийки мыйзамдар чыга берсе элдин нааразычылыгы көбөйүп, өсүп, муну оппозициялык, реваншисттик күчтөр колдонуп кетиши ыктымал. Нааразычылыктарды ого бетер күчөтүп, ошол бийликке дагы түздөн-түз коркунуч алып келиши мүмкүн деген ойдомун.
Айрымдар Европа, Батыш мамлекеттеринде айып пул ошондой, андан да ашып кетет деп салыштырып жатышат. Бирок алар менен салыштыруу туура эмес, анткени, биринчиден, аларда айлык акы 10-20 эсеге көбүрөөк. Экинчиден, ал жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзам нугунда иштейт. Ошондой систем түзүлгөн. Биздин милиция кызматкерлери айып пул көтөрүлгөндөн кийин ошону колдонуп, жөнөкөй жарандарды коркутуп-үркүтүп өз чөнтөгүнө гана акча алууга аракеттенип баштайт. Бул, албетте, элдин нааразычылыгын жаратпай койбойт. Ошондуктан кооптуу нерсе”, - дейт Турдукулов.
ШАЙХУТДИНОВ: "Бийлик айып пулдардан пайдаланып байыган кызматкерлерди жазалоого даяр экендигин көрсөтүшү керек"
"Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдинов кодекс ишке киргенден кийин бир жыл аралыгында депутаттар мыйзамдын кайсы нормалары иштеп жатканын, кайсылары иштебей жатканын талдап чыгышы керектигин айтты.
"Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн болгон айып пулдардын чоӊ суммасы коомчулукта талаш жаратууда. Жеке мени коррупциядагы тобокелдик тынчсыздандырат. Балким, айып пулдардын суммасы ашыра көтөрүлгөндүр жана жарандардын финансылык мүмкүнчүлүгүнө жооп бербестир. Экинчи тараптан, эреже бузгандык көзөмөлдөөсүз жана жазалоосуз калышы мүмкүн эмес. Биз азыр канчалык сындабайлы жаӊы нормалар иштеши жана өзүн көрсөтүшү керек. Кээ бир депутаттар 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаӊы кодекске оңдоо киргизүүнү сунуштоодо. Бул сунуш эртелик кылат жана укуктук баш аламандыкка алып келиши мүмкүн. Бир жылдын ичинде депутаттар мыйзамдын кайсы нормалары иштеп жана кандай иштегенин талдап чыгышы керек, андан кийин гана ага оңдоолорду киргизүүгө болот. Ошондуктан бардыгы азыр Жогорку Кеӊештин парламенттик көзөмөлдөөсүн натыйжалуу ишке ашырышына такалат. Андан тышкары мамлекет иш жүзүндө коррупция менен күрөшүү багытында экенин жана туруктуу негизде чоӊ айып пулдардан пайдаланып байыган шалаакы кызматкерлерди жазалай турганына даяр экендигин көрсөтүшү керек", - деди Тимур Шайхутдинов.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: