Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Айыптар аркылуу эл көйгөйгө көңүл бурду, бирок демилгени ишке ашыруу кыйын болот"

1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.

Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.

Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы-жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.

Коомчулукта орун алган талкууларга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.

Ал жарандардын жүрүм-турумун көзөмөлдөөчү эрежелер менен кошо башка орчундуу көйгөйлөр бирдей чечилиши керектигин айтты.
"Айыптардын болгону бир чети туура. Аларды койбосо эл бул маселеге көңүл бурбай келет, бирок өлчөмү аябай көп деп айтып жатышканы да туура. Айып салганга чейин алдын ала бир айлык жарыялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө болмок. Түкүрүү тууралуу айтканда гигиена, оорулардын тарап жатышын эске алсак болмок. Эл арасында бийликке нааразычылык болот. Анткени азыр бийликке ишеним жок болуп жатат. Дароо эле 5500 сом дебей, 1000 же 2000 сом дешсе болмок. Эл талкуулап жатса, демек, бул маселени эл ойлонуп жатат. Бул нерсе өлкөдөгү башка орчундуу көйгөйлөр менен бирдей чечилиши керек. Жалпысынан демилгени ишке ашыруу жеңил болбойт, бирок айып салуудан башка ММК аркылуу, мектеп, окуу жайларда, өзгөчө телеберүүлөр аркылуу көп иш-чара өткөрүү абзел", - деди Асия Сасыкбаева.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, жарандык активист Адил Турдукулов, "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдиновдун жообу бул шилтемеде.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан