Британиянын эң кирешелүү ырчысы Адель чыгармачылыгын токтоткону айтылууда

Британиядагы эң кирешелүү ырчылардын бири Адель чыгармачылыгын токтотот. Чет элдик басылмалар ырчы мындан ары убактысын үй-бүлөсүнө арнай турганын жазып чыгышты.

30 жашка чейин музыкалык ийгиликтерди багындырган Адель "Remedy Touring" концерттик агенттигин жабууга арыз таштаган. Мындан тышкары ырчынын чыгармачылыктан түшкөн кирешелери эсептелип, салык төлөнгөнү айтылган. Ырчынын күйөрмандары "ал чыгармачылыгын токтотуп, убактысын уулун тарбиялоого арнайт, себеби мындан 2 жыл мурун эле ал үй-бүлөнү тандай турганын айткан" деген пикирлерин калтырышкан.

Азырынча Адель чыгармачылыгын убактылуу токтоткону же сахнадан биротоло кетип жатканы тууралуу билдирүү жасай элек.

Ырчы 2011-жылы Саймон Конекки аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, 2012-жылы Анжело Жеймс Конекки аттуу уулдуу болушкан. Ырчынын үлпөт тою жашыруун өткөн.
Аделдин "Someone Like You", "Hello", "Skyfall" жана башка чыгармалары дүйнөлүк хитке айланып, ырчынын атактуулугун арттырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан