super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. Бул бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?

 

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталы "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген собол салды.

БОКОЕВ: "Бүгүнкү күндө парламенттин деңгээли өтө төмөн, чечүүчү ролу жок"

Депутат Кенжебек Бокоев фракция лидерлери жеке өздөрүнүн атынан Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүнө кол койгондугун айтты.

"Азыр көчөдөгү баладан “Кыргыз мамлекетинде өлкөнүн тагдырын ким чечет?” деп сурасаң, ал “президент чечет” деп так айтат. Өлкөнүн тагдырын парламент чечет деп эч ким айтпайт. Бүгүнкү күндө парламенттин деңгээли өтө төмөн, чечүүчү ролу жок. Мындай пикирди көпчүлүк айтып жатат, буга мен деле кошулам.

Ырайым кылуу өтүнүчү менен түрмөдө жаткан киши өзү кайрылышы шарт да. Фракция лидерлери парламенттин атынан эмес, алар жеке депутат катары өздөрүнүн атынан ырайым кылуу өтүнүчүнө кол коюшкан болушу керек. Бул боюнча фракциялардын чечими жок. Текебаев “ырайым сурабайм” деп өзү айтты. Ырайым сураса күнөөлүү болуп калат. Феликс Кулов, Исмаил Исаков бийлик алмашкандан кийин сот тарабынан акталып чыккан. Президент мурунку бийлик убагындагы саясий куугунтукка кабылган жарандарыбызды куугунтуктоону токтотуп, күнөөлүү деп табылгандар мыйзам чегинде өздөрүн сот тарабынан акталганга мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек", - дейт Бокоев.

МАСАЛИЕВ: "Бир жагынан президент соттун ишине аралашпасын деген талап коюп жатабыз, экинчи жагынан соттун чечимин буз деп жатабыз"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да ырайым кылуунун өзүнүн жол жобосуна токтолду.

"Ырайым боюнча кайрылууга фракция жетекчилери кол коюшкан. Биз мындай чечимди кабыл алган эмеспиз. Демек, бул Жогорку Кеңештин кагазы эмес. Текебаевдин камалганын "мыйзамсыз, ошон үчүн бошот" дешсе, эгер президент бошоткон болсо, анда ал соттун чечими туура эместигин моюнга алган болот. Жогорку Кеңеш соттордун ишине аралаша албайт. Бирок кылмыш иши туура эмес козголгон болсо депутаттар Жогорку Сотко жазышса болмок. Менин оюмча, ырайым кылуу боюнча ден соолугуна байланыштуу, карып калды деген сыяктуу негиз көрсөтүлсө президент колдойт эле. Эгер президент "бул таза адам" деп чыкса, анда ал соттун чечимдерин тоготпогондук болуп калмак. Бир жагынан президент соттун ишине аралашпасын деген талап коюп жатабыз, экинчи жагынан соттун чечимин буз деп жатабыз. Ошол эле Текебаевдин камакта отурганы бирөөлөргө ыңгайлуу. Же аны колдоо, же эркиндикте жүргөн адамды колдоо эки башка нерсе да", - деди Исхак Масалиев.

СООРОНКУЛОВА: "Текебаев күнөөлүү болбогондон кийин ырайым сурабаган көз карашы туура"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, ырайымды күнөөсүн моюнуна алган адам сурайт.

"Ырайым кылуунун мыйзамда көрсөтүлгөн тартиби бар. Тартип боюнча мыйзамда жана президент бекиткен ырайым кылуу жободо көрсөтүлгөн. Жобого ылайык, абакта жаткан адам өзү ырайым суроосу керек. Текебаевге ырайым суроо өтүнүчү алгач Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жиберилет. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын макамында байкоочу комиссия бар. Байкоочу комиссиянын корутундусунда президенттин кол астындагы комиссияга жөнөтүлөт. Ал комиссия ишти чечип, президентке жөнөтөт. Бүгүнкү күнгө чейин бирөөнүн өтүнүчү менен эч ким ырайым алган эмес. Ар бир соттолгон киши өзү сурайт, тартип ошондой. Ырайым сурагандын негизги шарты күнөөсүн моюнуна алышы кажет. Бирок бул жерде Текебаев күнөөлүү болбогондон кийин эмнеге ырайым сурашы керек?! Ырайымды күнөөлүү адам сурайт. Ырайым – бул мамлекет тараптан кылмышкерге кечирим кылуу. Өмүрбек Текебаевге карата сот процесси кандай жүргөнүн баарыбыз эле көрдүк. Ага саясий иштер аркылуу куугунтуктоо болду. Ошондуктан Текебаевдин көз карашы абдан туура. Текебаевдин иши кайрадан каралып, ал акталып чыгышы керек", - деди Сооронкулова.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Президент парламентти укпай койду, анын күчү жок деп айтуу туура эмес"

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев бийлик парламент менен эсептешпей калды деген туура эмес экенин айтты.

"Себеби ырайым кылуу - президенттин, башка мамлекеттерде падышанын, хандын, императордун укугу. Ырайым кылуу деген адамды актап жиберүү, күнөөсү жок деп чечим чыгаруу эмес, ал өзү айтып тургандай ырайым кылуу кечирим деген сөз. Кечиримди адам өзү сурашы керек, ал үчүн бирөө сурабайт. Ал эми Текебаев ырайым сурагысы келбей жатат.

Текебаев дарыланып бүттү. Мыйзам боюнча, ал дарыланып бүткөндөн кийин абакка барып жатышы керек. Депутаттар президентке мындай кыл, соттун ишине кириш дегендей буйрук, талап дагы коё алышпайт. Ошондуктан президент парламентти укпай койду, анын күчү жок деп айтуу туура эмес", - дейт Чолпонбаев.

ТУРСУНБЕК АКУН: "Депутаттар өздөрү карай ала турган маселени президентке түртүп жатышат"

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев ырайым аркылуу эмес, соттон акталып чыгышы керектигин баса белгиледи.

"Мамлекет башчысы ырайым кылуу боюнча кайрылууну президенттин алдындагы комиссияга табыштады. Кайрылууга кол койсо мыйзамга туура келеби же жокпу ошол жактарын карап чыгышат. Роза Отунбаева менен 6 фракция лидерлеринин кайрылуусу мыйзамга туура келбейт. Ырайым кылуу боюнча мыйзамда соттолгон адам гана ырайым сурап жаза алат деп көрсөтүлгөн. Булар саясий соодалашуу менен президентке басым көрсөтүп жатат. Алардын талабы мыйзамдуу болгондо президент аткарса керек эле деп ойлойм. Аткарбаганга шарт түзүп жатышат. Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин режиминин курмандыгы болуп туура эмес соттолду. Ал ырайым аркылуу эмес, сот аркылуу акталып чыгышы керек. Парламенттин өлкөдөгү окуяларда такыр эле таасири жок деп айтканга болбойт. Ырайым кылуу боюнча депутаттар президентке кайрылбай эле өздөрү карап чыкса болот. Эмне үчүн депутаттар президентке түртүп салып жатышат? Эгерде туура эмес чечим менен кайрылышса алардын өздөрүнүн кадыр-баркы кетип жатат. Бир күнү Бабановду, бир күнү Шадиевди, анан Батукаевди алып келели актап бергиле деп кайрылышат", - деди Турсунбек Акун.

КАЧКЫНБАЕВ: "Парламент президенттик институт кабыл алган чечимди “макул” деп добуш бере турган органга айланып калган"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев Кыргыз парламенти алсыз экенин айтты. Ал бийлик парламентти керек учурда гана колдонуп калганын билдирди.

"Биздин парламент алсыз. Анткени башынан эле Кыргыз мамлекетиндеги бийликте президент күчтүү. Президенттик институт парламент качан керек болгон учурда гана пайдаланат. Тилекке каршы, учурда биздин парламент чет мамлекеттердин парламентиндей күчкө ээ эмес. Анткени Жогорку Кеңеш президенттик институт кабыл алган чечимди гана “макул” деп добуш бере турган органга айланып калгандай. Ал эми Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу тууралуу Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Аны 6 фракция колдоду. Муну Жээнбеков президентке карата басым болду дегендей түшүндү окшойт. Мындай нерсе президентке да жаккан жок болушу керек. Булардын басымы менен Текебаевди бошотпойм, мен өзүм эле бошотмокмун дегендей кылды", - деди Качкынбай.

САРИЕВ: "Элдин айлыгы 3 “түкүрүк” болуп жаткан кезде Текебаевди чыгаруу чоң коркунуч жаратууда"

Саясат таануучу Марс Сариев билдиргендей, мыйзам боюнча Өмүрбек Текебаев өзү ырайым боюнча өтүнүч бериши керек болчу.

"Фракциянын лидерлери өтүнүч менен кайрылгандары мыйзамга туура келбейт. Негизинен бул өтүнүчтү президент карап койсо болмок. Бирок өлкөдөгү саясий кырдаалды көрүп жатасыздар. Текебаев саясатта салмагы чоң адам, эгер ал абактан чыкса өзүнүн оюнун башташы мүмкүн деген коркунуч бар. Азыркы бийликте мындай оор салмактуу саясатчылар жок. Жээнбеков турат, Бабанов чет өлкөдө жүрөт, Атамбаев менен күрөшүп жатышат. Эгер Текебаев чыкса саясий кырдаал башкача болуп калышы мүмкүн. Бул нерседен чочулап жатышат. Текебаев көз карандысыз саясатчы, анын өзүнүн көз карашы, ою бар, бул себептерден улам абал кандай болуп кетет деген коркунуч жаралууда. Салмагы бар, анын үстүнө абакта отуруп мурункудан да белгилүү болуп кетти. Бул адам саясаттан кетпейт, ал жөн калбайт, өч алат, 2 жыл жөн отурган жок.

Азыркы бийликте активде эмне бар? Коррупция менен күрөшүү, ЖЭБ жана Атамбаевдин жанындагы адамдар, андан башка эч нерсе жок. Премьер-министр киргизген жаңы мыйзамдар туура. Бирок элдин айлыгы 3 “түкүрүк” болуп жатса бул нерсе карапайым элди кыжырлантып жатат. Биз Сингапур эмеспиз, кичине мониторинг жүргүзүү керек болчу. Эл мунун баарын таразалап, азыркы кырдаал менен салыштырып туура эмес кабыл алууда. Кичинекей айлык алган элге килейген айып пул салууну көтөрө албайт. Азыркы бийлик өзүнө-өзү бут тосуп жатат", - дейт Сариев.

ТОКТАКУНОВ: "Президент Текебаевге ырайым кылуудан өзү коркуп жатат"

Юрист Нурбек Токтакунов бийлик Жогорку Кеңеш менен мурунтан эле эсептешпей калганын айтты.

"Бийликтин парламент менен эсептешпей турганы мурдатан эле белгилүү. Президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди абактан чыгаруудан өзү коркуп жатат. Анткени Жээнбеков Текебаев чыкса ким менен иштеп кетери тууралуу билбейт. Ким билет? Балким, Текебаев абактан чыгып, Атамбаев менен иштеп баштайт. Ошол себептен Сооронбай Жээнбеков коркконунан эмне кыларын билбей жатат. Ал эми Өмүрбек Чиркешович президенттен ырайым сурабай туура кылууда. Ал абакта эч кандай тартипти бузган жок. Ошондуктан Текебаевдин жазасын өтөө мөөнөтү деле аягына чыгып баратат", - деди Токтакунов.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Сооронбай Жээнбеков Текебаевди актабаса анда аны мамлекет башчы катары тааныбайбыз"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров башка саясий туткунга кабылган адамдар дагы акталышы керек деген пикирде.

"Президенттин Жогорку Кеңештин 6 фракция лидери, Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын кайрылуусуна маани бербей, көңүл бурбай жаткандыгы абдан таң калычтуу. Демек, мунун артында бир мандем бар. Жээнбековдун туура эмес иш-аракеттери жөнүндө Өмүрбек Чиркешовичтин так маалыматы бар болушу мүмкүн. Элдин уулу Өмүрбек Текебаев чыккандан кийин бардыгын айтып коёт го деген коркуу сезими жаралышы ыктымал. Ошон үчүн президент Текебаевди бошотпой жатат.

Ачык айтайын, Сооронбай Жээнбеков ким, Өмүрбек Текебаев ким? Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Алар жаш жагынан тең экен, ал эми билим, көрөңгө жагынан Сооронбай Шарипович Өмүрбек Чиркешовичтен артта калат. Текебаев абактан чыкса болгонун болгондой айтып, бардыгын өз ордуна коёт. Жээнбековдун рейтинги абдан төмөндөйт, ошон үчүн бошотпой жатат. Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүн татыктуу өткөрүп кетейин десе тез арада Текебаевди актап чыгарышы керек. Президент парламенттин, элдин, Утурумдук Өкмөттүн төрайымынын пикирин эске алып, Текебаевди актабаса аны мамлекет башчы катары тааныбайбыз. Ошондой эле башка саясий куугунтукка кабылган адамдар дагы акталышы керек", - дейт Токтонасыров.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: