super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Марс Сариев: "Элдин айлыгы “3 түкүрүк” болуп жаткан кезде Текебаевди чыгаруу чоң коркунуч жаратууда"

 

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталынын "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.

Марс Сариев билдиргендей, мыйзам боюнча Өмүрбек Текебаев өзү ырайым боюнча өтүнүч бериши керек болчу.

"Фракциянын лидерлери өтүнүч менен кайрылгандары мыйзамга туура келбейт. Негизинен бул өтүнүчтү президент карап койсо болмок. Бирок өлкөдөгү саясий кырдаалды көрүп жатасыздар. Текебаев саясатта салмагы чоң адам, эгер ал абактан чыкса өзүнүн оюнун башташы мүмкүн деген коркунуч бар. Азыркы бийликте мындай оор салмактуу саясатчылар жок. Жээнбеков турат, Бабанов чет өлкөдө жүрөт, Атамбаев менен күрөшүп жатышат. Эгер Текебаев чыкса саясий кырдаал башкача болуп калышы мүмкүн. Бул нерседен чочулап жатышат. Текебаев көз карандысыз саясатчы, анын өзүнүн көз карашы, ою бар, бул себептерден улам абал кандай болуп кетет деген коркунуч жаралууда. Салмагы бар, анын үстүнө абакта отуруп мурункудан да белгилүү болуп кетти. Бул адам саясаттан кетпейт, ал жөн калбайт, өч алат, 2 жыл жөн отурган жок. Азыркы бийликте активде эмне бар? Коррупция менен күрөшүү, ЖЭБ жана Атамбаевдин жанындагы адамдар андан башка эч нерсе жок. Премьер-министр киргизген жаңы мыйзамдар туура. Бирок элдин айлыгы “3 түкүрүк” болуп жатса бул нерсе карапайым элди кыжырдантат. Биз Сингапур эмеспиз, кичине мониторинг жүргүзүү керек болчу. Эл мунун баарын таразалап, азыркы кырдаал менен салыштырып туура эмес кабыл алууда. Кичинекей айлык алган элге килейген айып пул салууну көтөрө албайт. Азыркы бийлик өзүнө-өзү бут тосуп жатат", - дейт Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат таануучу юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: