super.kg logo
  Саясат  

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун: "Депутаттар өздөрү карай ала турган маселени президентке түртүп жатышат"

 

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Бүгүн, 9-январда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Президент Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин Текебаев боюнча өтүнүчүнө жооп бербеди. SUPER.KG порталы "Бул Жогорку Кеңештин өлкөдө чечүүчү күч эместигинин, бийликтин парламент менен эсептешпей калганынын белгисиби?" деген соболуна экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берди.

Ал абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев ырайым аркылуу эмес, соттон акталып чыгышы керектигин баса белгиледи.

"Мамлекет башчысы ырайым кылуу боюнча кайрылууну президенттин алдындагы комиссияга табыштады. Кайрылууга кол койсо мыйзамга туура келеби же жокпу, ошол жактарын карап чыгышат. Роза Отунбаева менен 6 фракция лидерлеринин кайрылуусу мыйзамга туура келбейт. Ырайым кылуу боюнча мыйзамда соттолгон адам гана ырайым сурап жаза алат деп көрсөтүлгөн. Булар саясий соодалашуу менен президентке басым көрсөтүп жатат. Алардын талабы мыйзамдуу болгондо президент аткарса керек эле деп ойлойм. Аткарбаганга шарт түзүп жатышат. Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин режиминин курмандыгы болуп туура эмес соттолду. Ал ырайым аркылуу эмес, сот аркылуу акталып чыгышы керек. Парламенттин өлкөдөгү окуяларда такыр эле таасири жок деп айтканга болбойт. Ырайым кылуу боюнча депутаттар президентке кайрылбай эле, өздөрү карап чыгышса болот. Эмне үчүн депутаттар президентке түртүп салып жатышат? Эгерде туура эмес чечим менен кайрылышса алардын өздөрүнүн кадыр-баркы кетип жатат. Бир күнү Бабановду, бир күнү Шадиевди, анан Батукаевди алып келели, актап бергиле деп кайрылышат", - деди Турсунбек Акун.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: