Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов "ЖЭБдеги коррупция боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы ойдон чыгарылган" дейт

УКМК 8-январда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганын кабарлаган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийликтеги ыйгарым укуктарынан пайдаланып кытайлык TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келбеген келишим түзгөнү айтылган. Ошону менен бирге модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллардан ашык зыян келтирилгени маалымдалган.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов УКМК тараткан маалыматтар, мамлекетке келтирилген чыгымдын өлчөмү боюнча пикирин айтты. УКМКнын маалыматын талдап чыгып, ал бул иште укук коргоо органдарына караганда математиктерди жалдап ким канча суммада каражат уурдаганын суроо керектигин билдирди.

"Сапар Исаковго коррупцияны уюштуруу боюнча тагылган айыптар жоромолдордун негизинде гана болгон. Бул иште мыйзамсыз акча которуулар, акча каражатын өткөрүп берүү, каражаттарды пайдалануу, сактоо тууралуу такталган материалдар жок", - дейт жактоочу.

Ошондой эле башка өлкөлөрдө коррупция жөнүндө атайын мыйзамдар кабыл алынып, ага ылайык укук коргоо органдары бардык байланыштарды, түзүмдөгү акча каражаттарынын агымын байкап, лидерди тапкандан кийин лидер менен аткаруучунун байланыштарына мүнөздөмө берилерин кошумчалады. Ал күбөлөрдү коргоо боюнча эффективдүү систем уюшулуп, айып тагыларын, ошондо гана мафиянын бети ачыларын белгилейт.

"УКМК мафиянын бетин ачтык деп көрсөтүү үчүн далилдеген материалдар жок туруп, математикалык формулаларды колдонуп коюшту. Кытай чыгашалар тууралуу сметаны бербейт. УКМКнын тергөөчүлөрү ЖЭБдин модернизацияланышы боюнча өз алдынча смета түзүштү. "Энергетикалык долбоор" 2013-жыл үчүн кантип 2018-жылы чыгашалар сметасын түзө алды? Кайсы бир нерселердин баасы көтөрүлдү, кайсы бир нерселердин баасы төмөндөдү. Оңдоо иштерин Кытай жүргүзгөнүн унутта калтырышты. Жөн гана 2016-жылдагы орусиялык каталогдун баасын алып, баалар үч жылда көбөйгөнүн көрсөтүштү. Андан соң атайын төмөндөтүүчү индексти алып 386 миллионго көбөйтүштү. Андан кийин ошол сумманы 386 миллиондон кемитип, 111 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктап чыгышты", - дейт Токтакунов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан