super.kg logo

Баткен ОИИБи: "Роза Маманованын милиция мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү дегени калп"

 

Кызыл-Кыя шаарында төрт баласын жалгыз багып келген Роза Маманова Бишкекке келип өзүн-өзү өрттөй турганын, ага Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери түрткү болуп жатканын SUPER.KG'ге айткан.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы Маманованын милициянын дарегине айтып жаткан сөздөрү чындыкка жатпай турганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматына караганда, Мамановага Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2017-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле күнөөсү далилденип Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен бир жылга шарттуу кесилген. Кийин Маманова облустук сотко кайрылып, облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

"Кызыл-Кыя шаарынын 38 жаштагы М.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында 2016-жылдын июль айында Маманова өзүн жактоочу катары тааныштырып, үйүнөн көп суммадагы акча каражатынын уурдалуусу боюнча козголгон кылмыш иштин ачылышына жардам берерин айтып 50 миң сом алганын, 2017-жылдын январь айында көп суммадагы карызды өндүрүп берүү үчүн 10 миң сом алганын айткан. Ошондой эле 2017-жылдын май айында Б.М. аттуу таанышынын үстүнөн арыз жазып, материалдарды интернетке чыгарам деп 10 миң сом алганын кошумчалаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Маманова адвокаттар кеңешинин катарына катталбагандыгы аныкталган.

Ал эми арыз ээси менен Маманованын, Кызыл-Кыя шаарынын Т.М. жана А.К. аттуу тургундарынын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар пайда болгон. Аталган карама-каршылыктарды жоюу үчүн 4-октябрда алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө күбөлөр, арыз ээсинин ортосунда беттештирүү жана иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Маманованын кылмышы толугу менен далилденген", - деп билдирди облустук милиция.

Милициянын кошумча берген маалыматына караганда, Маманованы күбөлөр менен беттештирүү учурунда көтөрүп жүргөн сумкасын алып кет дегенге карабай тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө таштап качып кеткен. Эртеси эки жактоочусу менен келип, "сумкамдагы 50 миң сом акчам жок, Кызыл-Кыя шаарынын прокуроруна арыз менен кайрылам" деп кеткен бойдон кайрадан тергөөгө келген эмес.

"Бул боюнча Маманованы тергөөгө бир нече жолу мажбурлоо менен алып келүү токтомдору кабыл алынган. Бирок ал өзү көрсөткөн даректерде жашабагандыгы аныкталып, күбөлөрдүн катышуусунда атайын актылар түзүлгөн. Жогорудагылардын негизинде Маманова качып тергөөгө келбегендиктен 2017-жылдын 4-декабрында шаардык сот тарабынан ага алдамчылык беренеси менен айыбы сырттан угузулган. Ошол эле күнү сырттан камакка алуу түрү тандалып, издөө жарыяланган. 12-декабрда шаардагы "Айбек" базарында жайгашкан унаа токтотуучу жайдан кармалып, камакка алынган. Андан кийин шаардык соттун чечими менен бир жылга шарттуу кесилген", - деп айтылат маалыматта.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.01.2019. 21:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 14:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мелийсалар мындай иштердин артын жаап, күнөөсүздөрдү күнөөлүү, күнөөлүүлөрдү күнөөсүз кылып коючу системаңар абдан катуу өрчүгөн, ошол эле коррупция системаңар өрчүгөндөй эле.
09.01.2019. 21:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
19-01-2019 13:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Милиция өзү уруп мойнуна коюп жатса анан
10.01.2019. 09:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
19-01-2019 08:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунузду орттоп,жанынызды кыйнап эмне кыласыз.Алар конул деле бурушпайт.Олсонуз эле акыйкат болот дейсизби?Балдарынызды ойлонуз.
Андан коро оз жашоонузду,балдарынызды ойлонуз.Азыркы учурда чындык олгон.Акча суйлогон жерде,чындык акыйкаттык чыркырап гана ыйлап турган замандабыз эже.
Мындай иштер коп эле болуп жатат.Коррупция дешет,бирок коррупциянын башында бут ошол чондор турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: