super.kg logo

Ишкерлерди текшерүүнүн саны азайтылат

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кирешелерди администрациялоо жаатында ишкерлерди колдоо маселесин карады.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик камсыздоо боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Тийиштүү токтомго премьер-министр кол койгон. Ал 2019-жылдын 15-январында күчүнө кирет.

Абылгазиев белгилегендей, бул чара ишкерлердин отчёт тапшыруусунда убактысын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бир мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.

"Мунун өзү бизнес менен алектенген юридикалык жана физикалык жактардын административдик жүктөмүн кыскартууга, салык, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча отчёт берүүдө жана камсыздандыруу полисин алууда убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Анткени муну бир мамлекеттик орган – Салык кызматы аркылуу ишке ашырса болот. Ошондой эле тийиштүү текшерүүлөрдүн саны азайтылат, себеби, аны салык кызматкерлери аткарат", - деди өкмөт башчы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
10.01.2019. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 14:14
Жынысы:
Белгисиз
0
А черныйларчы
10.01.2019. 10:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
19-01-2019 17:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии ушу соцфонддун акча чогултканын туптуура кылдынар... а то майрам болоордун алдында эле особенно Беловодскинин соц.фонду Кумашева начальник болуп турганда, кайыр сурагандай эле соодагерлерди кыдырып келчу эле. Ьазарда.. Кумашева кетип кичине тынчыгансып калышты. Соц.фонддо отуруп бул аял укмуш байыган деп атышат. Пенсияга чыкса да местасын бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: